Адис жашыруун номерден ким чалып жатканын кантип билсе болорун айтып берди

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКиши колунда смартфон кармап отурат. Архив
Киши колунда смартфон кармап отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер адам жашыруун номерлерден чөнтөк телефонуна чалуулар келишин каалабаса, чектөө коюп койсо болот экен. Бул үчүн интернеттен көптөгөн атайын тиркемелерди көчүрүп алуу керек.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жашыруун номерден ким чалып жатканын билүү үчүн "Номерди супер аныктоочу" кызматын кошуп алуу керек. Мындай кызмат дээрлик бардык байланыш операторлорунда бар экенин, бирок акы төлөнөрүн "Интеллектуальный резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедовго таянып РИА Новости жазды.

"Мобилдик оператор керек болсо сизге кайсы номерлерден чалуулар болгонун тизмелеп, кагазга чыгарып берет", — деди адис.

Смартфон жай иштеп калса эмне кылуу керек? Эксперттин кеңеши

Ошондой эле ал эгер адам жашыруун чөнтөк телефонго номерлерден чалуулар келишин каалабаса, чектөө коюп койсо болорун айтат. Бул үчүн интернетте көптөгөн атайын тиркемелер болорун, аларды көчүрүп алуу жана колдонуу өтө оңой экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0