МИК жеңилдик менен ипотека алуунун оңой жолун иштеп чыкты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМикрорайондо турак үйдүн курулушу. Архив
Микрорайондо турак үйдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңилдетилген ипотека үчүн арыз берген бюджеттик кызматкерлердин саны 5 миңден ашып, анын суммасы 8 миллиард сомду түзгөнү айтылат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирди.

Компания азыркы учурда жеңилдик ипотекасын алуу үчүн арыз берген бюджеттик кызматкерлердин саны 5 миңден ашып, анын суммасы 8 миллиард сомду түзгөнүн айтат. Бирок быйыл мамлекеттик ипотеканы каржылоого бюджеттен 500 миллион сом гана бөлүнгөн.

Алардын ичинен 700 адам арызын эки же андан көп жолу жазып жатат. Себеби мурда тапшырылган анкета бир жыл гана юридикалык күчкө ээ болуп келген. Андан соң жарандар кайрадан документ чогултуп, башынан жаңылап арыз жазчу. Мындан ары ал норма жоюлду.

Абжапарова: ипотека алган 200гө чукул кардарга жеңилдик берилди

Ошондой эле буга чейин ипотека тиешелүү документтерди биринчи чогултуп, баштапкы суммасын төгүп жана сатып ала турган турак жайын тапкандарга берилген.

Жаңы электрондук портал ачык-айкындуулукту камсыздоо менен кезек күтүүнүн эрежеси сакталышы үчүн ачылганы белгиленет.

"Азыр бизге келип түшкөн каражат жаңы процедураны киргизгенге чейин кабыл алынган арыз ээлерине жана эки же андан көп ирет арыз менен кайрылгандарга берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле МИК кошумча каражат тартып келүү боюнча донорлор менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0