Бир да бала көңүл сыртында калбасын! Министр мугалимдерге кайрылды

© Фото / пресс-служба ЖКБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр алгач коронавирустан көз жумган мугалим, педагогдордун жакындарына кайрат айткан. Ошондой эле окутуучуларды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы окуу жылын утурлай мугалимдерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Өз кайрылуусунда алгач коронавирустан көз жумган мугалим, педагогдордун жакындарына кайрат айткан. Ошондой эле окутуучуларды эпидемиологиялык кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырганы белгилүү болду.

"1-сентябрда дайыма баарыбыз окуучуларыбыз менен жолугушууну самап, ал эми окуучуларыбыз мектебин, классташтарын, досторун, билим берген агай-эжелерин сагынып, мектептерибиз шаңга бөлөнүп турчу. Мезгил, дүйнөдөгү кырдаал өз үстөмдүгүн жүргүзүп, балдарыбыздын коопсуздугун, ден соолугун сактайлы деп быйылкы жаңы окуу жылын аралыктан окутууга аргасыз болуп жатабыз. 1-сентябрда 1-класска келген балдардын окуучулук турмушу ак жолтой, эсте каларлык башталсын деп аларды реалдуу режимде окутууну чечтик. Ушундай кырдаалды түшүнүп, кандай карама-каршылыктарга тушукпайлы, андан туура жол издеп, элибизге туура багыт берүү биздин милдетибиз", — деп жазылган кайрылууда.

Министр мугалимдер дагы балдардын ден соолугу үчүн да жооптуу экенин айтып, аларды ата-энелер менен тыгыз байланышта иштөөгө чакырган.

1-класстын окуучуларын мектепке жана үйгө ташуу каралууда

"Ушундай учурда мугалим деген улуу атты бийик кармап, чыныгы педагогдук сапатыбызды сактап, башкаларга үлгү көрсөтөлү. Мен өзгөчө ата-энелер менен биримдикте тыгыз иштешүүгө, балдарды тарбиялоо процессине ата-энелерди түздөн-түз катыштырууга чакырам. Качан гана ата-эне — мугалим — коомчулук үчилтиги айкалышканда гана коомубузга пайдалуу инсанды тарбиялай алабыз. Сиздерден санариптик билим берүүдө күчтүү колдоо күтөм жана ички дараметиңиздерге ишенем", — деп айтылат кайрылууда.

Министр 2019-2020-окуу жылынын 4-чейрегинде жасаган иштери үчүн педагогдорго ыраазычылык билдирип, алар менен сыймыктана турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0