Малик Аликеев менен Токтобүбү Черикчиева эмгек сиңирген артист болду. Тизме

© Фото / CinemArt ProductionЭмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева. Архивдик сурөт
Эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Көз карандысыздык күнүнө карата "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн чыгармачыл чөйрөдөгү инсандарга мамлекеттик наамдарды тапшырат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамы:

  • Шайгүл Алсеитова — Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  • Сталбек Бактыгулов — композитор, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Гульмайрам Ивакова (Момушова) — ырчы, аткаруучу;
  • Жылдыз Малдыбаева — композитор, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
  • Уркан Урманов — Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисти;

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ардак наамы:

  • Советбек Байгазиев — жазуучу, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери;
  • Самсак Станалиев — жазуучу, "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору;

Кыргыз Республикасынын эл акыны ардак наамы:

  • Тазагүл Закирова — акын, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Спорт агенттиги журналисттерге төш белги жана Ардак грамота ыйгарды. Сүрөт

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардак наамы:

  • Малик Аликеев — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл ырчысы Эстебес тобу" фольклордук тобунун солисти;
  • Гүлшан Конушева — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысы;
  • Дүйшөнбек Касымов — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;
  • Рахатбек Көчөрбаев — Бишкек шаарындагы № 5 балдар музыкалык мектебинин комуз классы боюнча мугалими;
  • Феруза Стамкулова — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти;
  • Токтобүбү Черикчиева — ырчы, Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча инструктору;

Дагы башка кесиптин ээлерине ыйгарыла турган сыйлыктардын толук тизмеси президенттин сайтына жарыяланды

Жаңылыктар түрмөгү
0