Sputnik Кыргызстандын жетекчиси "Россиянын медиа-менеджери" сыйлыгына татыды

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина. Архив
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Россиянын медиа-менеджери" XX юбилейлик сыйлыгын тапшыруу аземи бейшемби күнү Москва шаарында болуп өттү.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Россия аймагынан тышкары орус тилдүү ЖМКны өнүктүрүүгө кошкон салымы" номинациясында "Россиянын медиа-менеджери" сыйлыгына ээ болду.

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЖеңүүчүлөрдү аныктоодо калыстар тобу элдин добуш берүүсүн жана адистердин пикирин эске алган.
Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Россиянын медиа-менеджери сыйлыгына татыды - Sputnik Кыргызстан
Жеңүүчүлөрдү аныктоодо калыстар тобу элдин добуш берүүсүн жана адистердин пикирин эске алган.

Череменинадан тышкары бул сыйлыкка "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары Дмитрий Горностаев, "ТОК" ("Россия сегодня") интернет басылмасынын башкы редактору Ольга Анисимова ээ болду.

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

Жеңүүчүлөрдү аныктоодо калыстар тобу элдин добуш берүүсүн жана адистердин пикирин эске алган.

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСыйлык жыл сайын ар кайсы номинацияда өз тармагында мыкты экенин далилдей алган жетекчилер менен уюштуруучуларга ыйгарылат.
Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Россиянын медиа-менеджери сыйлыгына татыды - Sputnik Кыргызстан
Сыйлык жыл сайын ар кайсы номинацияда өз тармагында мыкты экенин далилдей алган жетекчилер менен уюштуруучуларга ыйгарылат.

Улуттук "Россиянын медиа-менеджери" сыйлыгы медиабизнес, жарнама жана коммуникация тармагындагы жетишкендиктерди даңазалап туруу максатында негизделген.

Ал жыл сайын ар кайсы номинацияда өз тармагында мыкты экенин далилдей алган жетекчилер менен уюштуруучуларга ыйгарылат. Негиздөөчүлөрү — "МедиаБизнес" басма үйү жана "Новости СМИ" журналы.

Sputnik – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 33 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт. Бишкектен Кишиневго чейин, Пекинден Монтевидеого чейин 24 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашуун адам эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0