Өткөн суткада COVID-19дан каза болгондор катталган жок

© AP Photo / Gemunu AmarasingheМедициналык кызматкер жакшы маанайда. Архив
Медициналык кызматкер жакшы маанайда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт күз айларында экинчи толкун болорун божомолдоп, калкты санитардык нормаларды сактоого үндөп келет.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин өлкөдө коронавирус 1 058 адамдын өмүрүн алды.

Бир суткада коронавирустан 275 бейтап айыкса, кайра 101 адам жуктуруп алды

Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирус 43 459 адамдан табылса, анын ичинен 37 492 бейтап ооруну жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0