19:10 31 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1116)
3246 0 0

Академик эске салгандай, буга чейинки вирустук пандемиялардын бардыгы үч толкун менен өткөн. Болгондо дагы экинчиси биринчисинен күчтүүрөөк каптаары айтылууда.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин айтып, жай турмушка кийинки жылдын орто ченинде гана кайтабыз деп божомолдоду. Бул тууралуу адистин "Парламентская газета" басылмасына берген маегине таянып Sputnik радиосу кабарлады.

"COVID-19 жайында азайып калганы менен күздө экинчи толкуну болот деп жатабыз. Демек, келерки жазда дагы болушу толук ыктымал. Тагыраагы, жаз, күз жана кайра жаз болуп үч толкун менен келет деп ойлойм", — деди Пальцев.

Коронавирус да жашасам дейт. COVID-19дун айтыла элек "сырлары" тууралуу маек

Академик эске салгандай, буга чейинки вирустук пандемиялардын бардыгы үч толкун менен өткөн. Болгондо дагы экинчиси биринчисинен күчтүүрөөк болот. Үчүнчүсү калган экөөнөн алда канча алсыз. Муну окумуштуулар калктын 60 пайыздан ашыгы вирус жуктуруп, сакайгандан кийин жамааттык иммунитеттин пайда болушу менен түшүндүрөт.

Учурда кыргыз өкмөтү дагы күз айларына божомолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1116)

Тема боюнча

Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу
Белгилер:
божомол, коронавирус, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ