Танк экипажынын командири: катышуу үчүн эмес, жеңгени келдик. Сүрөт, видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКыргызстан командасынын Т-72 танкы
Кыргызстан командасынын Т-72 танкы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
“АрМИ–2020» алкагында өткөн “Танк биатлону” деп аталган эл аралык армиялык оюндар сынагында кыргыз экипажынын биринчи көрсөткөн чеберчиликтери өтө таң калдырарлык болбой калганы менен, танкачылар жеңишке жетүү ниетинде.

Алексей Стефанов

Москванын алдындагы Алабино полигонунда ар кыл өлкөлөрдөн аскер кызматкерлеринин «АрМИ–2020» алкагында өткөн “Танк биатлону” деп аталган эл аралык оюнда армиялык күч сынашуулары уланууда. Бүгүн финишке биринчилерден болуп келүү үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын биринчи дивизион командалары таймашты.

Эл аралык "Армия-2020" форуму. Россия, Казакстан, Беларустун экспозициялары

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМоскванын алдындагы Алабино полигонунда ар кыл өлкөлөрдөн аскер кызматкерлеринин «АрМИ–2020» алкагында өткөн “Танк биатлону” деп аталган эл аралык оюнда армиялык күч сынашуулары уланууда
Танк экипажынын командири: катышуу үчүн эмес, жеңгени келдик. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Москванын алдындагы Алабино полигонунда ар кыл өлкөлөрдөн аскер кызматкерлеринин «АрМИ–2020» алкагында өткөн “Танк биатлону” деп аталган эл аралык оюнда армиялык күч сынашуулары уланууда

“Экинчи орундан тартып баары силердики”, — деп тамашалады оюндарды ачып жатып РФтин коргоо министри Сергей Шойгу. Чын эле биринчи болуп россиялыктар келди. Бирок бул акыркы жыйынтык эмес эле: алдыда дагы эки сынак турат, жеке жарыш боюнча дагы эки таймаш болот. Ошондо гана жарым финалга чыккандар аныкталат. Мындай ийгилик менен алар жарыштын кийинки этабына чыгат.

Биринчи жеке жарышта кыргыз танкачылары үчүнчү болуп, 27 мүнөт 03 секундада келишти. Экинчи казактар (22:44), ал эми биринчи россиялыктар (17:47) болду. Өзбекстандын командасы (28:42) артта калды.

Алабиного жеңиш үчүн келдик

Алабино полигонунун трибунасында бош орун анча көп болгон жок. Күйөрмандардын арасында эң активдүү кыргызстандыктар экени көрүнүп турду. Ичинен Кыргызстандын командасы үчүн танк экипажынын командири, лейтенант Ырысбек Шайып уулу өзгөчө жан тартып турду.

© Фото / Алексей СтефановКыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде
Танк экипажынын командири: катышуу үчүн эмес, жеңгени келдик. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде
“Жигиттер жакшы жыйынтык көрсөтүштү. 27 мүнөттө келишкени жаман эмес. Эртең экинчи экипаж кантип өтөрүн көрөбүз, бирок алар булардан мыкты жыйынтык берет. Мен 27-август күнү үчүнчү экипаж менен таймашка чыгам. Утушка аракет кылабыз. Биз бул жакка жөн эле келген жокпуз да, жеңебиз деп келдик”, — деди Шайып уулу.
© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБүгүн финишке биринчилерден болуп келүү үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын биринчи дивизион командалары таймашты
Танк экипажынын командири: катышуу үчүн эмес, жеңгени келдик. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн финишке биринчилерден болуп келүү үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын биринчи дивизион командалары таймашты

Ал былтыр Омск автобронетанк инженердик институтун аяктаган. Андыктан кечээки курсташтары менен таймашып калышы мүмкүн эле. Бирок биринчи дивизиондо алар жок. Кызык экинчи дивизиондо башталат. Лаос менен Тажикстандын командаларында командирдин группалаштары бар.

Мыктылыгыбызды далилдейбиз

© Фото / Алексей СтефановБолельщики из Кыргызстана на трибунах на танковом биатлоне в Алабино
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде
© Фото / Алексей СтефановБолельщики из Кыргызстана на трибунах на танковом биатлоне в Алабино
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде
1/2
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде
2/2
Кыргызстандык күйөрмандар Алабинодогу танк биатлону мелдешинде
“Биринчи атуубуз бутага жазбай тийген. Экинчисинде ийгиликсиз болуп калды. Үчүнчүсүндө дагы эмнегедир огубуз тийбей калды. Эмнеге анткенин териштирип көрөбүз, бирок айдаганыбыз мыкты болду”, — деди Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу, капитан Нуркан Садырбек уулу.

Ал акыркы беш ай ичинде танк биатлону боюнча машыккан төрт команданын ичинен бүгүнкү экипаж жакшы жыйынтык көрсөтө албаганын моюндады. Бирок ал өзүн таштап койбой, бардык каталарды оңдой турганын айтты.

Ошондой эле машыктыруучу эң күчтүүлөрдү азырынча кармап турганын айтып, эми мыкты жетишкендиктерди көрсөтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0