Чылым чекпегендердин өпкө рагына кабылышынын башкы себептери айтылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүӨпкө рентгени. Архив
Өпкө рентгени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамекинин түтүнү дем алуу, жүрөк оорусун, колоректалдык рак, мээ рагы, кан рагы жана өнөкөт өпкө оорусу илдеттерин козгоо коркунучун жогорулатат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Тамеки тартпаган адамдар деле күн сайын чылымдын түтүнүн жутса өпкө рагына чалдыгуу ыктымалдуулугу 20-30 пайыз болот. Бул тууралуу хирург-дарыгер Ренат Хайров өзүнүн Instagram баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.

Ал белгилегендей, тамекинин түтүнүндө адамдын иммундук системасын алсыратып, аны илдетке чалдыккандай абалга алып келип, иммундук системанын рак клеткаларды жок кылуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизе турган химиялык заттар болот.

Тамекинин түтүнү дем алуу, жүрөк оорусун, колоректалдык рак, мээ рагы, кан рагы жана өнөкөт өпкө оорусу илдеттерин козгоо коркунучун жогорулатат.

Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

Чылымдын түтүнү менен дем алганда чоңдордо жана жаш балдарда тамак-аш аллергиясы, ринит, бронхиалдык астма, риносинусит, экзема өрчүп кетиши мүмкүн. Хайров мындан сырткары көк түтүндү жакшы көргөндөрдүн үйүндө бешиктеги ымыркай күтүүсүз синдромдон улам чарчап калышы да мүмкүн экенин, бул көрүнүш балдар арасында көп кездешерин эскертет.

Хирург канцерогендер, нитрозаминдер чылым чегилген имараттын ичине сакталып каларын эске салат. Ал эми желдетүүчү каражаттары бар бөлмөдө аталган заттын 80 пайызы калат. Ошондуктан имаратта бир канча убакыт мурда тамеки чегилген болсо да ден соолукка зыяндуу экени белгиленет.

Адис чылымдан сырткары тамак бышырганда бөлүнүп чыккан түтүн, күйүктүн жыты да өпкө рагынын козгогучу болушу мүмкүндүгүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0