Кыргызстан Россиянын коомдук уюмдарынан гумжардам алды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМедициналык каражаттарды дааярдоочу цех. Архив
Медициналык каражаттарды дааярдоочу цех. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардам Ысык-Көл жана Чүй облусундагы аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиянын коомдук уюмдары Кыргызстанга жалпы баасы жарым миллион рубль турган гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

COVID-19 менен күрөшкөн өлкөдөгү медициналык мекемелерге жардамды "Евразиялыктар — жаңы толкун" ("Евразийцы – новая волна") фонду, Ыктыярчылар борбору ассоциациясы жана  Жаштар иши боюнча федералдык агенттиги көрсөткөн.

Жекшенкулов: Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп жардамды Кыргызстанга берди

Дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттарынан (коргонуучу костюм, бир жолку пайдалануучу бет кап, респиратор ж.б.) турган гуманитардык жардам Ысык-Көл жана Чүй облусундагы аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.

Берилген жардамдын наркы жарым миллион рублден ашат.

Россия коронавирус пандемиясы башталган алгачкы күндөрдөн тартып эле Кыргызстанга жардам берип келет. Февраль айында эле РФ чет өлкөлөрдөн биринчилерден болуп Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясын аныктаган тест-системаларды жиберген. Ошондон бери Россия тараптан ПЦР-тесттер, реагенттер, СИД жана медициналык жабдуулар боюнча жардамдары туруктуу негизде келип жатат.

Кызыл зонага кирип, тажрыйба алмаштык. Россиялык медиктердин Кыргызстанга жардамы

Июль айынын башында Россиянын Роспотребнадзор жана Саламаттык сактоо министрлигинен адистердин тобу келген. Кийин россиялык 70тей медик жөнөтүлүп, бир ай бою кыргызстандык кесиптештерине COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0