Нарында 1-класска кирген окуучуларга акысыз бет кап таратылат

© AFP / INA FASSBENDERМектептеги окуучулар. Архив
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучуларды ыңгайлуу бет кап менен камсыздоо максатында облустагы "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп, буюртма берилген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Нарын облусунда быйылкы жылы 1-класска кирген окуучулар акысыз бет кап менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы окуу жылында облуста 6 000 бала мектеп босогосун аттайт. Окуучулар бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки режимде окушат.

Балдарды ыңгайлуу бет кап менен камсыздоо максатында Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп, маскалар тигиле баштады. Алар окуучуларга акысыз таратылат. Бул саамалык ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык колго алынганы белгиленди.

Кавасаки синдромун кошуп. Казакстан COVID жуктурган балдарга өзүнчө протокол даярдады

"Ишке 25 тигүүчү тартылган. Өндүрүлгөн продукция атайын келишимдин негизинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталып тигилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов кечээ иштин жүрүшүн жеринен көрүп, 29-августка чейин бет каптарды толук бүткөрүп берүүнү өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0