Үч жашар уулу менен дайынсыз болгон келинди милиция издеп жатат

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTБала кучактап турган аял. Архив
Бала кучактап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан 34 жаштагы келин ушул жылдын август айынын башында байланышка чыккан бойдон кабары жок.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы 34 жаштагы Маргубахан Сейитова менен анын үч жаштагы баласы Данил Сейитовго издөө салганын билдирди.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиДайынсыз жоголгон 34 жаштагы Маргубахан Сейитова
Үч жашар уулу менен дайынсыз болгон келинди милиция издеп жатат - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон 34 жаштагы Маргубахан Сейитова

Изделип жаткан аял уулу экөө ушул жылдын август айынын башында байланышка чыккан бойдон дайынсыз.

Маргубахан Сейитованын өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, чап жаак. Жайкы кийимчен экени айтылат.

Данил Сейитов бою 70 сантиметр, чачы кыска, сары түстө, кулактары делдейген.

Эне-бала тууралуу маалымат билгендерди Аламүдүн райондук милициясы нөөмөт бөлүмдүн 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99 телефон номерлери аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0