Ботко эле жей бербегиле! Эртең мененки тамак кандай болушу керектиги айтылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКафедеги завтрак. Архив
Кафедеги завтрак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ботко углеводдон гана тургандыктан, эртең менен ага белоктуу тамактарды аралаштыруу сунушталды. Жалпысынан түн уйкудан кийинки азыктануу тоюмдуу болушу керектиги белгиленди.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Эртең менен бир гана ботко менен тамактанган болбойт, организмде тең салмактуулук болушу үчүн башка дагы азыктарды кошуу керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог Елена Чигия айтып берди.

Адистин айтымында, көпчүлүк эртең мененкисин ботко жегенди адатка айланткан. Себеби ал тез даярдалып, бат сиңет. Анткен менен ботконун курамы бир гана углеводдон турат.

"Кашадан баш тарткыла дебейбиз. Болгону ага сыр, жумуртка же башка белоктуу тамак кошуу керек. Ошондой эле клетчатка — мөмө жана жер-жемиш болгону жакшы. Деги эле эртең менен күчтүү тамак ичүү керек. Жадагалса эттүү тамак жегиле", — деген диетолог.

Күн сайын гречка жесе организмде кандай өзгөрүү болот? Адистин пикири

Ал ошондой эле боткону сууга эмес, сүткө кайнатып жасоону сунуштаган.

"Курамы аминокычкыл боюнча бирдей болбогондуктан дан азыктарына, ошол эле боткого белок көп сиңбейт. Данда белоктор өздөштүрүлүшү үчүн лизин аминокислотасы көп делген сүткө бышырыш керек. Же гречка боткосун быштак менен жасоо сунушталат", — деди Чигия.

Адис негизи эле дан азыктарын сүт белогу менен колдонуу керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0