ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун V туру башталды. Убактысы

© Pixabay/ StockSnap / StockSnapКиши ноутбук менен иштеп отурат. Иллюстративдик сүрөт
Киши ноутбук менен иштеп отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болочок студенттер бешинчи турдун аркасы менен келишимдик негизде билим ала алышат. Пандемияга байланыштуу окуу жайга кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, келишимдик негизде окуйм дегендерге бош орундар бар.

Жалпы республикалык тестиртөөлөгө (ЖРТ) катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-август саат 14.00гө чейин ЖОЖдорго тапшыра алат. Ал эми 28-29-август күндөрү саат 17:00гө чейин болочок студент университетте билим алуу ниетин тастыкташы шарт.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып...

Кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер сайтына катталышы керек.

Эске сала кетсек, төртүнчү турду жыйынтыгы менен гранттык окутууга 5 012 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 087 абитуриент кабыл алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0