Жакында мечиттер эшигин ачышы мүмкүн. Санитардык алгоритм иштеп чыгуу тапшырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый пятничный намаз после карантина в Бишкеке
Первый пятничный намаз после карантина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер тийиштүү ведомстволор кыска мөөнөттө санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү жыйынында мечиттерди ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси жарандардан мечиттердин ишин жандантуу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келип түшкөнүн маалымдаган. Ошондой эле ал муфтият диний мекемелердеги белгиленген санитардык нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоо боюнча милдеттемени өзүнө алууга даяр экенин белгилеген.

Бишкекте парктарда сейилдөөгө уруксат берилди. Дагы башка өзгөрүүлөрдүн тизмеси

Талкуу жыйынтыгында биринчи вице-премьер Алмазбек Батырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана муфтият менен биргеликте кыска мөөнөттө тийиштүү санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну тапшырган. Андан соң алгоритмде бекитилген санитардык-гигиеналык эрежелердин так сакталышын эске алуу менен мечиттерди ачууга уруксат берүү маселеси каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0