Боронов: 79 айыл таза суу менен камсыз болот

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема питьевой воды в Баткенской области
Проблема питьевой воды в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы "Таза суу" долбоорунун алкагында курулуп жаткан жана пландалган объектилердин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жыл аягына чейин 79 айыл таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Боронов иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт. Ал Дархан айылындагы "Таза суу" долбоору менен таанышып, ичүүчү суу маселесин чечмейинче туризм өнүкпөй тургандыгын баса белгиледи.

Кубатбек Боронов бүгүн-эртең Ысык-Көлдү кыдырат. Сапардын максаты

"Калк жашаган аймактарды таза суу менен камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын эң негизги багыттарынын бири. Бул жаатта биз бир катар зарыл болгон иш-чараларды көрүп жатабыз", — деди Боронов.

Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт

Өкмөт башчы ошондой эле "Таза суу" долбоорунун алкагында курулуп жаткан жана пландалган курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0