Бир күндө 13 медиктен COVID табылып, жалпы саны 3086га жетти

© AFP / AMANUEL SILESHIСитуация в Эфиопии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Эфиопии из-за пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча COVID-19 жуктуруп алган медиктердин саны 3086га жетти. Анын ичинен 77,3 пайызы айыкты.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 13 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда бешөө, Жалал-Абадда төртөө, Бишкекте экөө, Ош шаарында бирөө, Чүй облусунда бирөө ооруну илештирип алган.

Ноокатта иштеген 74 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Видео

Ал эми акыркы суткада бир ак халатчан коронавирусту жеңип, ооруканадан чыккан. Үй карантининен сакайгандар катталган жок.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 3086 медицина кызматкерине COVID-19 жукканы белгилүү болду. Алардын ичинен 2 384ү (77,3 пайыз) айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0