Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрилет группы врачей из России для борьбы с коронавирусом в Кыргызстане
Прилет группы врачей из России для борьбы с коронавирусом в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коронавируска каршы күрөш: КРдеги эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салууда РФтин жардамы" эл аралык онлайн конференциясында коронавируска каршы күрөштөгү россиялык жардамдын ролу талкууланды. Иш-чара "Пикир" КР Регионалдык эксперттер клубу тарабынан уюштурулган.

Ушул тапта өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көбүнесе кыргызстандык жана россиялык врачтардын биргелешкен аракетинен улам турукташып калганы белгиленет. Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин ортосундагы макулдашууга ылайык, Россия КРге эки миллион доллардын тегерегиндеги суммага медициналык жабдык, дары-дармек, тест-системалар жана жеке коргонуу каражаттарын, ошондой эле медиктердин десантын Кыргызстанга жөнөткөн.

Республиканын саламаттыкты сактоо тутумуна колдоо көрсөтүү үчүн келген россиялык адистердин миссиясы аяктады. Алар КР аймагындагы 31 медициналык мекемеде иш жүргүзүп, 4 миң бейтапты кабыл алып, жүздөгөнү сакайып чыкты.

COVID: россиялык вакцинанын нускамасы жарыяланды

— Ушул кыска убакыт аралыгында Кыргызстан бизге абдан жакын болуп калды. Өлкөбүз ушундай вазыйпаны – кыргызстандыктарга жардам берүүнү бизге табыштаганына сыймыктандык.

КРдеги эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салууга пайдабыз тийгени үчүн да бактылуумун, - деп билдирди онлайн конференцияда Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары, жарандык россиялык медиктердин делегациясынын башчысы Евгений Кустов.

Сыналган мамиле

Россия тарап Кыргызстанга пандемия алгач башталгандан бери көмөк көрсөтүп келет. Мындай оюн "Пикир" КР Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Пикир" КР Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
"Пикир" КР Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков

— Февраль айында эле чет өлкөлөрдөн биринчи болуп Россия КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19ду аныктоо үчүн тест-система менен гуманитардык жүк жөнөткөн. Ошондон тарта россиялык тараптан тест-система өлкөгө улам жиберилип келет. Россия республиканын бул тармагынын керектөөсүн ийне-жибине чейин изилдеген.

Июлдун башында КРде эпидемия кескин күч алганда "Роспотребнадзордун" делегациясы келип, андан кийин өлкөгө 70 чакты россиялык медик жиберилген. Кыйын кезеңде алар борбор калаада гана эмес, аймактарда пандемиянын жайылышын ооздуктоого өз салымын кошушту, — деп белгилейт эксперт.

Өз кезегинде врач-педиатрлар ассоциациясынын башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова да россиялык адистерге терең ыраазычылык билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-педиатрлар ассоциациясынын башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
Врач-педиатрлар ассоциациясынын башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова

— Россиядан келген меймандарга практикалык, консультативдик жана гуманитардык жардамы үчүн ырахмат айткым келет. Маалымат каражаттарына бизге Россиядан медициналык кызматкерлер кол кабыш кылууга келе жатканы тууралуу жарыяланганда коомдо пандемиялык дүрбөлөң кыйла басаңдай түшкөн. Медиктер да алар көрсөтө турган жардамына чоң үмүт арткан.

Кыргызстандагы апаат россиялык врачтардын көзү менен

Бир-эки апта эртерээк келишкенде эмне, мынчалык көп жоготуу болбойт беле деп кейип кетем. Бирок кандай болгон учурда да аларга чоң ырахмат. Ушундай кырдаалда мамлекеттер ортосундагы чыныгы достуктун күчү текшерилет, мындай сыноодон соң бул достук мамилени бизден эч ким тартып ала албайт, — деп белгилейт Бактыгүл Жумакулова.

"Пикир" Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча серепчи Шерадил Бактыгулов быйыл февралдан бери көрсөтүлүп келе жаткан жардамдын түзүлүшү жана көлөмү эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк мамилеси олуттуу сыноого туруштук бере алганын айгинелеп турарын белгилейт. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Пикир" Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча серепчи Шерадил Бактыгулов
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
"Пикир" Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча серепчи Шерадил Бактыгулов

— Кыргызстандын эки стратегиялык өнөктөшү бар, бири – Россия, экинчиси – Кытай. Экөө тең Кыргызстанга кайтарымсыз жардамдын 70 пайыздан ашуунун (эл аралык каржылык институттарынын насыяларын эсепке албаганда) көрсөттү. Бизге берилген жардамдын түрлөрү жана тест-системалардын саны боюнча буга чейин маалымат каражаттарында кеңири айтылып келди. Олуттуу көмөк көрсөтүлдү. Менимче, ошол эле убакта көмөк жөнүндө сөз болгондо аны дагы кененирээк кароого тийишпиз, — дейт эксперт.

Ошону менен бирге эле ал 2019-жылдын көктөмүндө Россия КР бюджетин колдоо үчүн 10 миллион доллар бөлүү боюнча макулдашылган. Акча күзүндө түшүп, 2020-жылы бюджеттегилерди колдоого оң таасир эткен.

2018-жылы Россия Кыргызстандын тышкы карызынын калган 240 миллион доллар өлчөмүндөгү бөлүгүн кечкен. Бул дагы Кыргызстандын бийлигине 2019-2020-жылдардагы тышкы карызын тейлөөдө акча үнөмдөөгө мүмкүндүк берген.

— Кыргызстанга жана башка өлкөлөргө берилген россиялык жардамга дүйнөлүк үстөмдүккө умтулган мамлекеттер тарабынан кылдат көз салынат. Ошондуктан пандемияны толук жеңгенден кийин дүйнө мурдагыдай болбостугу эч талашсыз. Бул фактор Кыргызстан менен Россиянын мамилелеринин өнүгүшүнө таасир этет.

Глобалдык экономиканы саясий, балким, күч инструменттерин пайдалануу менен кайра форматтоо жүрүүдө. Бул дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү мейкиндик таасири үчүн атаандашууга киришкенин туюндурат, — деп ааламдагы айрым өзгөрүүлөргө конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду Шерадил Бактыгулов.

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

Анын пикиринде, бул баскычта маалыматтык манипуляцияга жол бербегидей башкаруунун жана калкты маалымдоонун жалпы евразиялык санарип тутумун түзүү кыйын болууда.

— Мындай манипуляциянын масштабдуу жана социалдык кесепеттери көп болушу ыктымал. Евразия өлкөлөрү социалдык чөйрөнү жана маалыматтык мейкиндикти коргоонун жогорку деңгээлине чыгууга тийиш. Эгер Евразия өлкөлөрү жаңы тенденциялар менен алектенбесе, анда жаңы тенденциялар алар менен алек болууга киришет, — дейт докладчы.

Уфа шаарындгы "Берлек" ("Биримдик") геосаясий изилдөөлөр борборунун эксперти Артур Сулейманов билдиргендей, 2020-жылдын февралынан бери Россия COVID-19 менен күрөшүүдө 32 өлкөгө колдоо көрсөткөн. Алардын басымдуу бөлүгүн КМШ өлкөлөрү түзөт.

— Медициналык жабдык жана дары-дармек жагынан кайтарымсыз жардам берүүдөн тышкары, Россия бул багытта толук жана эбегейсиз иштерди аткарып келет. Пандемия чакырыгы Россия кыйын күндө өз досторун таштабай турганын тастыктап койду. Борбор Азиядагы республикаларга россиялык медиктердин келиши да буга түздөн-түз далил эмеспи. 

© Видео / Генеральный штаб Вооруженных сил КР Видео из "красной" зоны — как российские медики помогают больницам в КР
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
Видео из "красной" зоны — как российские медики помогают больницам в КР

Учурдун талабына ылайык чечимдерди кабыл алуу Россияга алгачкылардан болуп коронавирустук инфекцияга каршы биринчи вакцинаны иштеп чыгууга жол ачты. Мындай аракеттердин баары КМШ мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкта жүрүүдө, — деп баса белгиледи эксперт.

Өз кезегинде "Таазим" ассоциациясынын жетекчиси, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, КР жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү (Ош ш.) Салима Шарипова россиялык илимий коомчулукту коронавируска каршы вакцинанын чыгарылышы менен куттуктап, бул бүт дүйнө үчүн маанилүү жетишкендик деп белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салууга бийлик тарабынан көрүлгөн чаралар, ошондой эле россиялык тараптын колдоосу көмөкчү болгонун билдирди.

Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн

— Башыбызга апаат келгенде көбүнесе Россия жана ал жактан бизге келген адистердин көмөгү менен эпидемияны бир аз ооздуктай алдык. Россия Федерациясы – бизди кыйын кырдаалда эч качан жалгыз калтырбаган, бул ирет да дайымкыдай жаныбызда болуп, республикабызга кол сунган ынанымдуу дос жана союздаш, — деп белгиледи Салима Шарипова.

— Кыргызстан – биз абдан баалап жана сыйлаган реалдуу союздашыбыз. Ошол себептен биздин жардамыбызга зарыккан кыйын кырдаалда досубузга жардамдашуу үчүн колубуздан келгенин аткардык.

Адегенде биз республикага Роспотребнадзордун он адисинен турган топту жолдодук. Алар кырдаалды талдап, корутунду чыгарышты. Ошол жыйынтыктарга жараша Кыргызстанга канча врач, кандай көлөмдө гуманитардык жүк жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынган. Андан кийин гана 23-июлда адистер келди, — деп билдирди КРдеги РФ элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдеги РФ элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
КРдеги РФ элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев

Дипломат белгилегендей, Роспотребнадзордун адистеринин баамында медициналык персонал арасында өлүм саны көп болгон, андыктан россиялык медиктердин милдеттеринин бири ошол врачтардын өздөрүн сактоо болгон.

— Биздин адистер коюлган милдеттерин мыкты аткара алышты. Россиялык врачтар жергиликтүү дарыгерлердин жогорку профессионалдуулугун белгилешти. Республиканын жарандарынын пикирлери менен өзүм үчүн таанышып чыктым, алар россиялык врачтардын баа жеткис салымы тууралуу айтып, терең ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Россия дагы да Кыргызстанга жардамдашууну уланта бермекчи, — деп убада кылды Андрей Сургаев.

Россиянын жарандык секторунун Кыргызстанга жардам көрсөтүү ниетин "Евразийцы – новая волна" фондунун президенти Юрий Ануфриев билдирди. 

© Фото / фонд "Евразийцы - новая волна""Евразийцы – новая волна" фондунун президенти Юрий Ануфриев
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
"Евразийцы – новая волна" фондунун президенти Юрий Ануфриев

— Бизде суткасына 11 миң катталып турган. Кырдаал жөнгө салынганы менен алигүнчө беш миңге чейин жаңы учур аныкталууда. Бирок ички кырдаалга карабастан, россиялык тарап Кыргызстандагы эпидемиологиялык жагдайды абдан кооптонуу жана кайгыруу менен кабыл алды.

Сиздердин башыңыздарга мүшкүл түшкөндө биз четте карап тура алмак эмеспиз. Россия дароо кол сунду. Биз өз фондубуз тараптан да элчилик жана диаспора менен тыгыз иш алып бардык.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып...

Жакынкы күндөрү биз фондубуздун атынан жарым миллиондон ашуун суммага КРге гуманитардык жардам жиберебиз. Бул даректүү түрдө Ысык-Көл, Нарын жана Бишкектеги стационарларга берилет. Биздин чакырыкты көпчүлүк, маселен, РФ ыктыярчылар борборлорунун ассоциациясы, Росмолодежь жана башка уюмдар дароо кабыл алышты, — дейт Юрий Ануфриев.

Коронавируска каршы күрөштөгү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана илдеттин кесепеттерине Жалпы россиялык кыргыз конрессинин Москвадагы бөлүмүнүн төрагасы Марсель Салахунов токтолду. 

© Фото / ЦРП "Табарман"Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана илдеттин кесепеттерине Жалпы россиялык кыргыз конрессинин Москвадагы бөлүмүнүн төрагасы Марсель Салахунов
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана илдеттин кесепеттерине Жалпы россиялык кыргыз конрессинин Москвадагы бөлүмүнүн төрагасы Марсель Салахунов

— Жалпы россиялык кыргыз конгрессинин атынан Кыргызстандагы гана эмес, Россиядагы  пандемия менен болгон күрөшкө кошкон салымы үчүн бардык мекендештериме ыраазычылык билдиргим келет. Биздин диаспора эки толкун менен өткөн пандемия менен бет келишти.

Алгачкысы мартта башталган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жүз миңдеген жарандарыбыз обочолонууда калды. Алардын көбү күнүмдүк киреше таап иштегендиктен, бул апаат келгени алар каражатсыз калышты. Мында айрыкча КР элчилигине жана өкмөтүнө ыраазычылык билдиргибиз келет. Россиядагы мекендештерди колдоого 10 миллион рубль бөлгөн. Ыкчам штабдан он миңдеген жарандарыбыз жардам алышты, — дейт Марсель Салахунов. Анын экинчи толкун дегени – Кыргызстанда илдеттин күч алышы.

— Албетте, мындай кезде биз четте карап тура албадык. Ушул күнгө чейин кыргыз диаспорасы республикага зарыл болгон дары-дармектерди ири көлөмдө жөнөттү.

КРге жөнөтүлгөн дээрлик ар бир учак диаспора өкүлдөрүнүн гуманитардык жардамын ташып турду. Кыргыз диаспорасы республикадагы пандемияга каршы күрөшкө чоң салым кошту деп эсептейм, — деп кошумчалады Жалпы россиялык кыргыз конгрессинин өкүлү.

Россиялык көмөк тууралуу бурмаланган маалыматтар

Конференция алкагында катышуучулар Россия тарабынан көрсөтүлгөн колдоо жана жардам тууралуу социалдык медиа жана кыргыз-россия интеграциясына каршы иштеген маалымат каражаттарында ар кандай жалган маалыматтар да орун алганын белгилешти.

"Пикир" КР Регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков мындай убакта жалган маалыматтардын таркалышы дагы күчөй турганын боолголойт.

COVID-19га каршы эмдөө: жаңы россиялык вакцина тууралуу кеңири кеп

— Коомдук пикирди сурамжылоолор республиканын жарандары Россияны эң башкы тышкы саясий шериги жана союздашы деп санаганын көрсөтүп турат. Бирок Борбор Азияда Батыштын жаңы геосаясий оюндарынын канчалык бийик экенин эске алсак, кийин да россиялык колдоо жана жардамы жаатында терс маалыматтар болбой турганына кепилдик жок. Анан калса, ушул тапта Кыргызстанда саламаттыкты сактоо темасы коомдук-саясий турмушунун чордонунда.

Дал ушул себептен, РФ Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы вакцинасын кыргызстандыктарга сыноодо деген өңдүү жалган маалыматтар тарап жатат. Пандемия тушунда маалыматтык согуш да вирустук мүнөзгө ээ, — деп кошумчалайт Игорь Шестаков.

Өз сөзүндө медициналык илимдердин доктору, Кемерово мамлекеттик медициналык университетинин доценти Дмитрий Кувшинов да белгилүү бир күчтөр тарабынан маалыматтык чабуулга жооп катары биргеликте чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

Журналист Светлана Лаптева да эки өлкөнүн кызматташуусунда маалыматтык компонент да маанилүү роль ойной турганына ынанат. 

© SputnikЖурналист Светлана Лаптева
Кыйын күндө калтырбас... Пандемия менен сыналган кыргыз-орус алакасы - Sputnik Кыргызстан
Журналист Светлана Лаптева

— Бардык биргелеше өткөрүлгөн иш-чаралар өз маалыматтык стратегиясына ээ болушу шарт. Кыргызстанга учуп келгенде россиялык медиктерди тосуп алууга мен да катышып калдым. Биз маалыматтардын бурмаланышына жол бербөө үчүн алардын кайда барганын, эмне менен алек болушканын улам чагылдырып турууга аракет кылдык.

Алар келери менен эле билек түрүнүп, вирус менен күрөшүүгө киришти. Өз үй-бүлөлөрүн таштап, биздин өлкөгө илдетти жеңүүгө келүүдөн чочулашпады. Муну баалоо керек, — деп белгиледи журналист.

Вирусолог, медициналык илимдердин доктору, профессор, Гамалея атындагы институттун латенттик инфекциялардын микробиологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, Табигый илимдердин россиялык академиясынын вирусология жана приондук оорулар бөлүмүнүн вице-президенти, президиум мүчөсү жана академик катчысы, COVID-19га каршы вакцинаны иштеп чыккан топтун мүчөлөрүнүн бири Виктор Зуев: - Дүйнөнүн жыйырма өлкөсү россиялык вакцинаны алууга кезекке турду. Россиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан вакцина Россиянын өзүндө ыктыярчыларга сыналууда. Алгачкы сыноого катышкан 38 ыктыярчы менен катар РФ президенти Владимир Путиндин кыздарынын бири да эмделди. Алардын арасында жогорку кызматтагы аткаминерлер жана препарат иштелип чыккан Гамалея борборунун жетекчиси Александр Гинцбург да ошол ыктыярчылар тобунда.

Россиялык вакцинанын өндүрүшү 15-августта башталды. РФ Саламаттык сактоо министрлигинен эки компоненттен турган препарат COVID-19дан кеминде эки жыл коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0