Аткезчилик менен камалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу абактан чыкты

© Sputnik / Тимур БатыршинСуд по делу экс-депутата Жогорку Кенеша Дамира Асылбек уулу в Казахстане
Суд по делу экс-депутата Жогорку Кенеша Дамира Асылбек уулу в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы депутат Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылып, былтыр 18-ноябрда Кыргызстанга экстрадицияланган болчу.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Аткезчиликке айыпталып камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

ЖАМК экс-депутат эмненин негизинде бошотулганы туурасында маалыматты Жогорку соттон алууну сунуштады.

ЖАМК Икрамжан Илмияновдун жатак абагына которулган себебин айтты

Ал эми Жогорку соттун маалымат кызматы Асылбек уулунун иши боюнча 19-августта отурум болгонун айтып, бирок чыгарган чечими жана башка толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Дамирбек Асылбек уулунун иши

2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын укук коргоо органдары атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталып, депутаттык мандаттан ажыратылган.

Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча айып тагылган.

Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Бирок 18-ноябрда экс-депутат менен кошо кармалган дагы эки кыргызстандык Казакстандан мекенине экстрадицияланган. Асылбек уулу Молдовановка айылындагы №27 абакта, эки шериги Петровка айылындагы №8 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.  

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0