18 миңден ашык абитуриент өттү. ЖОЖго кабыл алуунун төртүнчү туру аяктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная линейка по случаю последнего звонка для учеников и выпускников гимназии № 5 в Бишкеке
Торжественная линейка по случаю последнего звонка для учеников и выпускников гимназии № 5 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Августтун баш жагында окуу жайга кабыл алуунун үчүнчү туру аяктаган. Бирок министрлик бош орундар калгандыгына байланыштуу дагы бир сынак жарыялаган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү турунун жыйынтыгы менен 18 миңден ашык абитуриент кабыл алынганын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, гранттык окутууга 5 012 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 087 абитуриент кабыл алынды.

Министрлик студенттерди онлайн окутуу кандай форматта жүрөрүн түшүндүрдү

Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үч туру тең аяктап, гранттык жана контракттык бош орундар калгандыктан дагы бир сынак жарыяланган

Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында 2020-2021-окуу жылындагы окуу процессин онлайн режиминде жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0