Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Жазылуу
Маликов 2017-жылдан ушул кезге чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келе жаткан.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгон.

Ал Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, муфтияттын кызматкерлери жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташууга чакырган.

Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракиев дайындалды

Кадыр Маликов 48 жашта, Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

Азирети Умар атындагы Ислам институтунда диний билим алган. Андан соң Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн. 1997-2005-жылдар аралыгында Иордания өлкөсүндөгү Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган. Кийин Испанияда Complutense de Madrid университетинин атайын курсун бир жыл окуп билимин жогорулаткан. 2007-жылы Испаниянын Autonoma университетинен докторлук даражага ээ болгон.

2017-жылдан ушул кезге чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келе жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0