Министрлик: гепарин сыяктуу дарыны сактап жүргөндөр кеңеш алышы керек

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Ошской областиМедициналык кызматкер даарыларды даярдап турат. Архив
Медициналык кызматкер даарыларды даярдап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, өткөн айдагы кымгуутта көпчүлүк дары-дармекти өз алдынча запастап алган учурлар болгон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Коронавирустун препараттарын сатып алып колдонбой жүргөндөр медиктерден кеңеш алышы керек, себеби эскирип кетсе ден соолукка зыян. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн айдагы кымгуутта көптөгөн адамдар дары-дармекти өз алдынча запастап алган учурлар болду.

COVID: дарылоонун 4-протоколу мурдагыдан эмнеси менен айырмаланат. Түшүндүрмө

"Гепарин сыяктуу препараттарын сактап алгандар бар экен. Андай каражаттар өзүнүн шарты менен сакталышы керек. Белгилүү бир температурада, караңгы, кургак, кичинекей балдар жетпей турган жерде болушу керек. Туура сакталбаса же мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ден соолукка өтө чоң зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул боюнча медицина кызматкерлеринен консультация алуу керек. Мындан сырткары, дары-дармектин тышындагы инструкциясына көңүл буруңуздар", — деди Үсөнбаев.

Буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сентябрдын аягына чейин дары каражаттарынын стратегиялык запасын толтуруу пландалып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0