Бишкекте парктарда сейилдөөгө уруксат берилди. Дагы башка өзгөрүүлөрдүн тизмеси

Жазылуу
Ордо калаада эпидемиологиялык абал курчуп кеткендигине байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген. Анын ичинде шаардыктарга ээн-эркин сейилдөөгө тыюу салынган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектин тургундарына айрым ачык аянтчаларда сейилдөөгө уруксат берилгенин муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

"Парк, сквер, бульвар, аянттарга баруудагы убактылуу чектөөлөр алынып, велосипеддерди ижарага бергендердин ишине жол ачылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануучу жайлар эртең мененки 07.00дөн 24.00гө чейин иштемей болушту. Ошондой эле тамак ташып иштегендер санитардык норманы так сактоо менен убакытты чектебестен иштей алышат.

Бишкекте коомдук транспорттун иштөө тартиби өзгөрдү. График

Соода борборлору, үйлөр, комплекстер, дүкөн түйүндөрү, супермаркеттер дагы эртеден кечке чейин (07.00 – 00.00) ачык болот.

Ал эми тойканаларга, балдардын оюн аянтчасына, көңүл ачуучу жана эс алуучу жерлерге тыюу күчүндө калтырылды.

Мэрия борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал бир аз турукташканын, бирок санитардык нормаларды так аткарып, бет кап тагынып, антисептик колдонуп жана социалдык аралыкты сактоо зарыл экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0