Күркүрөгөн күздө той-топур күч алат. Боронов элге эскертүү берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАял алкоголь менен бокалды кармап турат. Архив
Аял алкоголь менен бокалды кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда карантиндик чектөөлөрдүн аткарылышын жергиликтүү бийлик текшерип жатканын айтты.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда кыргызстандыктарга кайрылып, күз келери менен өтө турчу тойлорду токтото турууга чакырды.

Өкөмт башчы өлкөдө дагы деле эпидемиологиялык кырдаал турукташа электигин айтып, көп сандагы адамды чогултуу кооптуу экенин белгиледи.

"Кыргыз илгертен эле күркүрөгөн күздө, мал жайлоодон түшкөндө, кызыл кырманга толгондо той-аш болот деп айткан. Мына, августтун аягынан жаңы жылга чейин жакшылыктар көбөйөт, той-топур күч алат. Албетте, бул кыргыз элинин тарыхый салты. Бирок азырынча дарысы жок дарт менен күрөшүп жаткан маалда эл көп чогулган иш-чараларды токтото турууга чакырамын", — деди Боронов.

Ошто айып салынганына карабай улам той өткөргөн кафенин ээсине иш козголду

Ошондой эле ал кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда карантиндик чектөөлөрдүн аткарылышын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү текшерип жатканын эскертти. Аны менен бирге июль айындагы окуялардын кайталанышына жол берөө максатында өкмөт коопсуздук иш-чараларын күчөтө турганын билдирди.

Соңунда өкмөт башчы кыргызстандыктардан айтылган эрежелерди так сактап беришин суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0