Боронов: оору жуктургандардын саны биз ойлогондой азайбай жатат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда. Архив
Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, коронавирус инфекциясынан каза болгондордун санын азайтуу аракети натыйжа берүүдө. Бирок ооруга кабылгандар боюнча ойдогудай статистика боло элек.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өлкөдө эпидемиологиялык абал өткөн айга салыштырмалуу 60-70 пайызга турукташып калды, бирок аймактарда кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өкмөттүн жана дарыгерлердин коронавирус инфекциясынан каза болгондордун санын азайтуу аракети натыйжа берип жатат.

Каратаев: быйыл былтыркыга салыштырмалуу адам өлүмү аз

"Кечээ күнү бир эле киши каза болду. Бирок ооруну жуктургандар биз ойлогондой басаңдабай жатат. Ошол үчүн эпидемилогиялык абал жакшы деп айткандан алыспыз", — деди Боронов.

Ал жарандар азыр дагы санитардык жана гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш экендигин белгиледи.

Республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 35 197 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 42 325ке жетти. Тилекке каршы, 1 054 киши өтүп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0