Бишкекте дем алыш күндөрү муниципалдык унаа токтотуу жайы акысыз боло баштайт

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүУнаа токтотуу жайда турган автоунаалар. Архив
Унаа токтотуу жайда турган автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда унаа токтотуу жайларындагы акысыз 15 мүнөт алып салынганы жана дем алыш күндөрү дагы акча төлөнөрү тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тарта борбор калаадагы унаа токтотуу жайлары дем алыш күндөрү акысыз боло баштайт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Карина Сагинова билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда унаа токтотуу жайларындагы акысыз 15 мүнөт алып салынганы жана дем алыш күндөрү дагы акча төлөнөрү тууралуу маалымат тараган. Сагинованын айтымында, сөз менчик жайлар жөнүндө болуп жатат.

"Муниципалдык унаа токтотуу жайларында мурдагыдай эле 15 мүнөткө жетпеген убакытка токтосо, акы алынбайт. Бирок 1-сентябрдан тарта дем алыш күндөрү айдоочулар мэрияга тиешелүү жайларга акысыз токтой алышат", — деди маалымат катчы.

Унаа токтотуу жайынын муниципалдык экенин кантип аныктаса болот?

Биринчиден, унаа токтотуу жайы муниципалитетке тиешелүү экенин көрсөтүп турган белги бар. Экинчиден, андагы кызматкерлер "Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар сары жилеттерди кийип жүрүшөт. Ошондой эле алар акча төлөнгөндүгү тууралуу мөөр басылган талон беришет.

Бишкек мэриясы электробустарды жүргүзүү үчүн каражат тапты

Мэриядан билдиришкендей, унаа токтотуунун акысы убактысына карабай 25 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0