Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын көбү эркектер. Статистика

CC0 / Pixabay / Киши пиво кармап отурат. Архив
Киши пиво кармап отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын биринчи кварталында 97,4 миң киши жумуш издесе, 78 миң кыргызстандык жөн гана ишсиз катары каттоого турушкан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда иш издегендердин саны 97,4 миң кишини түзгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып Улуттук статистика комитети кабарлады.

"Быйылкы жылдын 1-апрелине карата 97,4 миң киши жумуш издеген. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына карата 2,1 пайызга аз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жөн гана жумушсуз катары 78 миң кыргызстандык каттоого алынган. Алардын жарымынан көбүн, тагыраагы, 52,3 пайызын эркектер түзөт.

Балага жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кайсы кирешеси эсептелет? 9 суроого жооп

Баса, жумуш издегендер мындан ары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жаңыдан ишке киргизгени жаткан сайтты колдонсо болот. Порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0