Пульмонолог: пневмониядан кийин өпкө фиброзу пайда болушу мүмкүн

© AFP / CRIS BOURONCLEӨпкөнүн рентген сүрөтү. Архив
Өпкөнүн рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис өпкөнү калыбына келтирүү учуру өтө маанилүү экендигин айтып, дем алуу боюнча көнүгүүлөрдү жасоо керектигин баса белгилеген.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Пневмония болуп айыккан кишинин өпкөсүндө кийин фиброз пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы ишин жыйынтыктоосуна арналган брифинг учурунда пульмонолог, медицина илимдеринин кандидаты Лилия Козырева айтып берди.

"Айрым бейтаптарда COVID-19дан кийин өпкөнүн калыбына келүү учурунда фиброз пайда болушу ыктымал. Андайда өпкөнүн дифузиялык жөндөмү бузулат. Организмге күч келип, адам көп кыймылдай албай калат", — деди дарыгер.

Андыктан адис өпкөнү калыбына келтирүү учуру өтө маанилүү экенин айтып, дем алуу боюнча көнүгүүлөрдү жасоо керектигин баса белгилеген.

COVID-19дан жаңы сакайган киши кандай тамак жеш керек. Адистин кеңеши

Ошондой эле пневмониянын орточо жана оор формасын баштан кечиргендер дайыма пульмонолог менен байланышта болуп, текшерилип турушу зарыл экенин кошумчалады.

Коронавирус жабыркаткан өпкөнү калыбына келтирүүнүн бир нече ыкмасы тууралуу Sputnik агенттигинин материалынан окуп алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0