Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. Архив
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары коронавирустан айыккан адам кайрадан ооруп калбашына эч ким кепилдик бере албай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Адистердин божомолу боюнча, ноябрь-декабрь айларында COVID-19дун экинчи толкуну болушу ыктымал. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Ал коронавирустан айыккан адам кайрадан ооруп калбашына эч ким кепилдик бере албай турганын белгилеп, санитардык нормаларды сактап жүрүүгө чакырды.

"Мында экинчи толкун эмес, ноябрь-декабрь айларында сасык тумоо менен респиратордук вирустук инфекция жүрүп баштаса, буга COVID кошулганда кандай болот деген коркунуч турат. Бирок бул боюнча биздин медицина кызматкерлери максималдуу түрдө даярдык көрүп жатат", — деди Каратаев.

Адистер ири шаарларда коронавирустун экинчи толкуну болбой турганын айтышты

Ошондой эле ал мурдагы "Ганси" базасындагы "Семетей" обсервациясы миңден ашык орун COVID-19 жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырып даярдалып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, учурда жугуштуу илдеттер ооруканасы менен №6 шаардык оорукана кабыл алууда. Башка медициналык мекемелер кайрадан өзүнүн профили боюнча бейтаптарга жардам берүүгө өтүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0