Исмаилова: аймактарга бөлүштүрүлгөн жаш медиктерге колдоо көрсөтүү зарыл

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова
Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Аида Исмаилова ординаторлорду окутуу мөөнөтү боюнча маселени талдоого алып, аны чечүү тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Сасык тумоонун күчөшүнүн алдын алууга негизги көңүл кадрларды даярдоо жана алар менен саламаттык сактоо уюмдарын, өзгөчө, аймактарды камсыздоого бурулушу керек. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен ординаторлорду даярдоо маселеси боюнча онлайн-кеңешмеде айткан.

"Республикадагы саламаттык сактоо уюмдарын медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ординатураны бюджеттик формада аяктаган бүтүрүүчүлөрдү аймактарга өзгөчө басым жасоо менен бөлүштүрүү жүргүзүлдү. Ал эми жаш адистерди жер-жерлерге бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө роль ойнойт. Өкмөттүн ишинде аймактарды кадрлар менен камсыздоо маселеси артыкчылыктуу саналат, ошондуктан бул багыттагы ишти күчтөндүрүү, жаш адистерге жетиштүү колдоо көрсөтүү зарыл", — деген Исмаилова.

Ал ординаторлорду окутуу мөөнөтү боюнча маселе тургандыгын айтып, аны талдоого алып чечүү тапшырмасын берген.

Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктар тууралуу айтып берди

"Ал эми ординаторлорду окутуу мөөнөтүн алсак, толук кандуу адистикке ээ болуу үчүн көп убакыт талап кылынган, ошондой эле бир жыл жетиштүү саналган адистиктер бар. Биз ички муктаждыктардан, жергиликтүү адистердин пикиринен жыйынтык чыгарып, талдоо жүргүзүү менен ординаторлорду окутуу мөөнөтүн кайрадан карап чыгуубуз зарыл", — деген вице-премьер.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0