Быйыл Кыргызстанда 1-класска канча бала барары айтылды

Жазылуу
Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Билим күнү өлкөдөгү бардык мектептер 1-класска баруучу 156 миң окуучуга эшигин ачат. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, башка класстар онлайн режиминде окуусун улантат.

"Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, мамлекет башчысы баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. 1-класстын 156 миң окуучусуна жүз пайыз мектептердин эшиги ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарты эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын", — деди Боронов.

Бир айда даяр болсун! Боронов жылытуу мезгилине даярдык боюнча талап койду

Өкмөт башчы билдиргендей, аймактарда эпидемиологиялык абал толугу менен турукташкан жок.

"Министрлик окутуу формасынын варианттарын сунуштаганда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алышы зарыл. Абалды начарлатып алууга жол бербешибиз керек", — деди Боронов.

Окуу процессин жаңыртуу маселесинде акыркы чечим Республикалык ыкчам штаб тарабынан кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0