Мамрезерв эпидемияда канча тонна ун камдалып, бөлүштүрүлгөнүн айтып берди

© пресс-служба мэрии города БишкекМатериальная помощь многодетным и малоимущим семьям в Бишкеке
Материальная помощь многодетным и малоимущим семьям в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марттан бери 8 181 тонна ун жана 327 тонна кумшекер калктын аялуу катмары менен турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга таратылган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Коронавирус кризисинде буудайдын камдалышы тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Наинбаев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook баракчасында онлайн брифинг өткөргөн.

Наинбаевдин айтымында, февраль айынан тарта өлкөдө азык-түлүк товарларына, бөтөнчө биринчи сорттогу унга суроо-талап байкалган.

"Пандемиядан улам буудай жана ун көп экспорттолгон Казакстан менен чек ара жабылганын билебиз. Бул азыкка суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу баасы дагы жогорулады. Наркты турукташтыруу жана калкка гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Мамлекеттик резервдер фонду өкмөттүн чечими менен биринчи сорттогу 11 828 тонна ун камдаган", — деди Наинбаев.

Ал кошумчалагандай, март айынан бери 8 181 тонна ун жана 327 тонна кумшекер калктын аялуу катмары жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга таратылган.

Коронавирустун экинчи толкунунда дары тартыш болбойбу? Мамрезервдин жообу

Наинбаев ун региондор боюнча кантип бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү:

  • Жалал-Абад облусу — 2 113 тонна;
  • Ош облусу — 1 542;
  • Бишкек — 1 213;
  • Чүй облусу — 845;
  • Баткен облусу — 739;
  • Нарын облусу — 627;
  • Ысык-Көл облусу — 517;
  • Талас облусу — 334;
  • Ош — 230 тонна.

Наинбаевдин айтымында, 327 тонна кумшекердин 261 тоннасы борбор калаага, ал эми 66 тоннасы Чүй облусуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, 100 тонна ун гуманитардык жардам катары Тажикстандын эки аймагына берилген. Ошондой эле дагы 25 тоннасы Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга бөлүнүп берилген.

Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

Наинбаев белгилегендей, февраль айынан бери Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 3,4 тонна унду эркин рынокко чыгарган. Бул бааны турукташтыруу максатында жасалган, бирок кийин суроо-талап жогорулап, чек аралардын жабылганына байланыштуу баасы кескин өсө баштаган. Анда биринчи сорттогу ундун бир мүшөгү 1 600-1 800 сомго жеткен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0