Акыркы бейтаптар айыгып чыкты. "Гансидеги" стационар жабылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев"Ганси" базасында ачылган "Семетей" госпиталы
Ганси базасында ачылган Семетей госпиталы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Семетей" алгач чет элден келген жарандарды обсервацияга алуу жайы катары ачылган. Кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуганда ал стационарга айланган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. "Ганси" базасында ачылган "Семетей" госпиталынан 13-августта акыркы бейтаптар чыгарылып, ал жер жабылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

"Семетей" стационары дээрлик 1,5 ай иштеп, анда 1 500 бейтап дарыланды. Азыр аны күз-кыш мезгилдерине, коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Киши келбей калган. Бишкекте дагы үч стационар жабылды

Белгилей кетсек, "Семетей" алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган. Кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуганда ал стационарга айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0