Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

© AFP / ALAIN JOCARDДистанциондук сабак өтүп жаткан окуучу. Архив
Дистанциондук сабак өтүп жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Болгону 1, 5, 9 жана 11-класстар күн алыс мектепке барып, калган учурда үйдө окушу мүмкүн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Балага аралыктан окуган учурда кийимин алмаштыруу талапка ылайык. Бул тууралуу Sputnik Казакстан радиосунун эфиринде "Квалификацияны жогорулатуу боюнча улуттук борбор" мекемесинин бөлүм башчысы Айман Кусаинова айтып берди.

"Үйдө отуруп сабакка мектептегидей кунт коюу, процесске баш-оту менен аралашуу бала үчүн оңой эмес. Балалык кылып ар нерсеге алаксыйт. Ошол себептен болушунча мектептегидей атмосфера керек. Жадагалса кийимине чейин алмаштырып, өзүн кадимки сабакта отургандай сезгенге шарт түзүү зарыл", — деди Кусаинова.

Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди

Анын айтымында, колдон келишинде бала сабак окуган бөлмө же бурч ошол гана максатта колдонулганы жакшы.

"Ал жерде ар дайым компьютер, планшет сыяктуу байланыш каражаты жана окуу куралдары гана болушу шарт", — дейт адис.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Болгону 1, 5, 9 жана 11-класстар күн алыс мектепке барып, калган учурда үйдө окушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0