Медиктердин социалдык абалы жакшырат. Жээнбеков Жалал-Абадда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү аркылуу көмүскө экономиканы азайтып, андагы каражат айлык акыга жумшаларын айткан.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с деятельностью медицинских объектов Джалал-Абадской области в рамках рабочей поездки
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с деятельностью медицинских объектов Джалал-Абадской области в рамках рабочей поездки
Жээнбековго 100 орундуу облустук клиникалык оорукананын курулушун көрсөтүшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жээнбековго 100 орундуу облустук клиникалык оорукананын курулушун көрсөтүшкөн
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков во время ознакомления с деятельностью медицинского объекта Джалал-Абадской области в рамках рабочей поездки
Ошондой эле президент оорукананын Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратына баш баккан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ошондой эле президент оорукананын Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратына баш баккан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время ознакомления с деятельностью медицинских объектов Джалал-Абадской области в рамках рабочей поездки
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул күндөрү түштүк аймакты кыдырып жүрөт. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул күндөрү түштүк аймакты кыдырып жүрөт.
1/4
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында медициналык объектилердин иши менен таанышты
2/4
Жээнбековго 100 орундуу облустук клиникалык оорукананын курулушун көрсөтүшкөн
3/4
Ошондой эле президент оорукананын Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратына баш баккан
4/4
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул күндөрү түштүк аймакты кыдырып жүрөт.

Жээнбековго 100 орундуу облустук клиникалык оорукананын курулушун көрсөтүшкөн. Ошондой эле президент оорукананын Тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратына баш баккан. Ал кийинки жумадан тартып толугу менен иштеп баштайт.

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

Өз кезегинде мамлекет башчы дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатып, социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын айткан.

"Биз саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү аркылуу көмүскө экономиканы азайтып, өлкө бюджетине тиешелүү каражаттардын келип түшүшүн камсыздоо боюнча иштеп жатабыз. Ал акчаларды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз", — деген мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков ушул күндөрү түштүк аймагын кыдырып жүрөт. Кечээ Баткен облусуна барганда дагы оорукананын курулушу менен таанышкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0