Бир маалым кат жетиштүү. Кыргызстандык студенттер Россиядан кантип иш таба алат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүү"День первокурсника" в Дальневосточном федеральном университете
День первокурсника в Дальневосточном федеральном университете  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталышын өзгөртүү, КМШдан барган студенттер үчүн орундарды көбөйтүү, белгилүү артисттер менен кызматташуу – булар агенттиктин жаңы стратегиясынын кенедей эле бөлүгү.

Данара Курманова, Sputnik

Быйыл июнь айынын аягында "Россотрудничество" агенттигинин жетекчилигине РФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты жана тележурналист Евгений Примаков дайындалган. Кызматына киришкен күнү эле Примаков маалымат каражаттарына агенттикти чоң өзгөрүүлөр күтөрүн убада кылган. 11-августта ал онлайн-дарс окуп, ошол алгачкы убадасын кеңири түшүндүрдү. Sputnik аталган агенттиктин жаңы программасынын урунттуу учурларына токтолгусу келди.

"Жумшак күч" деген болбойт

Эң оболу "Россотрудничествонун" жаңы жетекчиси агенттиктин өнөктөштөрүнө "жумшак күч" термининен баш тартууну сунуштады. Айтымында, терминдин өзүн дегеле кыртышы сүйбөйт. "Бул түшүнүксүз, бизге жат нерсе", - деп билдирди Евгений Примаков өз лекциясынын башында эле. Анан шашпай бул пикирине кеңири токтолду. "Россотрудничествонун" максаты күч колдонууда эмес, түпкүлүгүнөн эле эл аралык ыңгайлуулук жана тынчтыкты камсыз кылууну көздөйт. Агенттиктин маданий жана билим берүү боюнча программалары аркылуу Россиянын өзү үчүн да, өнөктөш мамлекеттер үчүн да өнүгүүнүн жагымдуу шарттарын жаратат. Примаковдун айтымында, "Россотрудничество" гуманитардык катышуу демилгесинен четтемекчи. "Бул эски концепт. Биз гуманитардык катышуудан гуманитардык таасирге өтүүгө тийишпиз, бул тынчтыкты сактоого жардам берет", - деп түшүндүргөн ал өз чечимин. 

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Россотрудничество" агенттигинин жетекчиси Евгений Примаков
Бир маалым кат жетиштүү. Кыргызстандык студенттер Россиядан кантип иш таба алат - Sputnik Кыргызстан
"Россотрудничество" агенттигинин жетекчиси Евгений Примаков

"Росскызматташтыктын" деңгээлин көтөрүү керек. Жаңы жетекчи Примаковдун пикири

Буга ал Бейруттагы трагедияны мисал келтирип, агенттик биринчи ирет жабыркагандарга жардамга врачтарды жөнөтүүгө катышканын белгиледи. Бул акцияны Примаков символикалык деп атап, ушундай иш-чаралар чет жактарда Россияга жылуу мамиленин жаралышына өбөлгө болоруна токтолгон. Мындай демилге агенттиктин кадамдарында эч кандай күч камтылбай, тек гана тилектештикке умтулуу бар экенин көрсөтөрүн кошумчалаган.

Тынымсыз иш режими

Ачык лекцияны өткөрүүгө киришерден мурда Евгений Примаков "Россотрудничествонун" ишмердигин бир ай талдап көрүп, агенттиктеги реформаларды орус клубдарынын түйүнүнөн баштоо керек деген бүтүмгө келгенин кошумчалайт.

"Алар бир иш-чарадан кийинки иш-чарага чейин эле эмес, дайым иштөөлөрү зарыл, - деп билдирет Примаков. – Бул катышуучулар каалаган убагында келип, бири-бири менен баарлашып, китеп окуп кете алгыдай дал клубдук система болууга тийиш. Ушул борборлор чет жактарда дал Россия менен баарлашууга муктаж адамдар үчүн ачылган эмеспи".

Примаковдун пикиринде, ар бир клуб жаштарга гана эмес, калктын улуу катмарына да багытталышы абзел, себеби чет жерлерде пенсиялык куракка аяк баскан СССРден чыккан адамдар аз эмес. Ошону менен бирге ар бир жаш категориясына жекече активдүүлүктү камсыз кылуу керек.

"Биз "өткөрдүк" деген аты үчүн эле меймандарга чай берип койгон иш-чаралар форматына жол бербейбиз", - дейт Евгений Примаков. Агенттиктин кызматкерлерин да "Орус музыкасынын күнү" же "Орус чүчпарасынын майрамы" деген сымал демилгелерден болушунча четтөөгө чакырды. Бирок орус клубдарынын иш тартибин өзгөртүүдө бир көйгөй бар. Чет жактарда орус клубдарынын басымдуу бөлүгү РФ элчиликтеринин имаратында жайгашкандыктан, бейчеки баш багууга болбойт. "Ошондуктан жаңы системага салууга шарт түзүү үчүн биз ишти оболу ошондой борборлордон баштамакчыбыз", - дейт Примаков.

Белгилүү инсандар менен кызматташуу башталат

"Россотрудничествону" сабаттуу түрдө таанытуу да зарыл. Агенттиктин негизги аудиториясы жаштар болуп саналат. Ал эми аларга массалык маданият: заманбап музыка, китеп, тасма жана сериалдар кызык. Ушулар аркылуу болочок студенттерде жалпы орус маданиятына кызыгуусу жаралышы мүмкүн деп эсептейт Евгений Примаков.

Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

Анын пикиринде, жаштарды классика менен тааныштыруу абзел. Бирок жаштыкка мүнөздүү кызыгууну да эстен чыгарбоо керек. "Шекспирдин түп нускасын окуу үчүн англис тилин үйрөнүүгө киришкендер аз эмеспи. Анын сыңары, азыркы балдар үчүн тил – биринчи кезекте социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр", - дейт Примаков.

Ушундан улам "Россотрудничество" чет жердеги иш-чараларына атактуу артисттерди чакырууга тийиш.

"Чакан чыгармачыл жамааттар эле эмес, кеңири белгилүү, кайда болбосун элдин оозуна алынган адамдар тартылышы кажет", - деп жыйынтыктайт ал.

Баары жаңыча

Ошону менен бирге Примаков "Россотрудничество" деген аталыш жаштардын тилине жат, орус тилин билбеген кишиге түшүнүксүз деп боолголойт. Ошондуктан агенттиктин аталышын жаңыртып, өзүн эле эмес, илим жана бардык россиялык илим жана маданият борборлорунун (РЦНК) атын да өзгөртүү керек.

"РЦНК – бул "Россотрудничество" деген сөз өңдүү эле абдан оор аббревиатура. Чет элдик кишинин тили сынат", - деген оюн ортого салат Примаков. Анткен менен мекеме "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча федералдык агенттик" деген расмий аталышын сактап калат. Тек гана орус тилдүү эмес аудитория үчүн тышкы брендди өзгөрткөн оң. Орус тилдүүлөргө, албетте, "Россотрудничество" аталышы эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Ал эми агенттиктин аталышын өзгөртүү көп керексиз чыгымдарга тушуктурат, жок эле дегенде көрсөткүч-белги жана расмий кагаздарга каражат сарпталат. Андай акчаны башка бир пайдалуу ишке жумшаган дурус эмеспи деп эсептейт ал.

Негизи эле сарамжалдуулук жана үнөмдүүлүк Примаковдун стратегиясында аныктоочу факторлордон болуп калгандай. Жаңы аталыш, аббревиатура жаратуу үчүн да бренд-менеджерлерди жалдоого ашыкпайт. Анын ордуна "Россотрудничество" аркылуу россиялык университеттерге өткөн студенттер арасында ачык сынак жарыялоону пландоодо.

Демилгесин Примаков өзү: "Бул чечимдин логикасы айдан ачык, эч ким долбоордун бренд-концепциясын анын түздөн-түз катышуучу өңдүү тереңден туя албайт", – деп түшүндүрөт.

КМШ менен кызматташууга басым жасалат

Лекциясынын аягында Евгений Примаков жаңы долбоорлорду колго алуу менен "Россотрудничество" россиялык билим берүүнү илгерилетүүнү көңүлдөн тыш калтырбай турганына ынандырууга ашыкты. "РФ президентинин буйругу боюнча, чет элдик студенттердин акысыз билим алуусу үчүн квота жакынкы жылдары көбөйтүлөт. Ушул тапта акысыз орундардын саны 15 миңди түзөт", - дейт ал.

Ал гана эмес, агенттик Россия менен байланышкан билим берүү долбоорлорунун баарын, ири университет же айылдык бала бакча болсун, баарын колдоого умтулмакчы.

Илимге мектептен тарта багыттоо. КМШда жакынкы 10 жылда ишке ашчу программа

"Ал түгүл чет өлкөлөрдө короосуна элди топтоп, орус тилин окутканы да – мыкты көрүнүш", - дейт Примаков.

Ошондой эле "Россотрудничество" азыркы жаштарды эмне кызыктырарын терең түшүнүү үчүн аналитикага да чоң көңүл бурат. Анүчүн агенттик өз расмий сайтын таптакыр өзгөртүүгө ниеттенет. "Россиянын гуманитардык ишмердигине көз салуу адамдардын кызыгуусун жаратууга тийиш, ал эми сайтыбыздын азыркы калыбында окурман баш багары арсар. Биз анын окумдуулугун арттыруубуз зарыл", - дейт Примаков.

Бул аракеттердин баарына убакыт талап кылынары шексиз, агенттик катаал алкакта иштегендиктен, ар бир долбоорду баштоодон мурун кеминде эле бир жыл мурун бекитүү керек. Ошентсе да "Россотрудничествонун" жаңы жетекчиси жаңы саамалыктардын аркасында уюмдун ишмердигинин ачыктыгы дагы арта берерине сөз берет.

"Бул биздин агенттик туурасындагы айрым адамдарда калыптанып калган эски көндүм пикирлерди жеңүүгө көмөкчү болот", - деп лекциясын жыйынтыктады Евгений Примаков.

Жаңы жетекчинин дарсына кулак салып, кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө үмүт жанды. Калганын мезгил көрсөтөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0