Министрлик: Кыргызстанда COVID менен 160 миңдей киши ооруду

Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, жарандардын дээрлик 66 пайызында оору симптому жок же жеңил өтүүдө.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен 160 миңдей киши ооруганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жарандардын дээрлик 66 пайызында оору симптому жок же жеңил өтүүдө, ал эми 4,6 пайызы өтө оор абалда жана 9,8 пайызы оор абалда деп бааланды. Ал учурда илдетке чалдыкты деп расмий катталгандардын саны 41 миң экенин эске салды.

Боронов: вирустан айыккандардын ден соолугун калыбына келтирүү колго алынат

"Божомолдоолор боюнча, 160 миңге жакын адам ооруган", — деди Каратаев.

Соңку маалыматка таянсак, коронавирус инфекциясы 41 069 адамда аныкталып, анын 33 318и ооруну жеңди. Тилекке каршы, 1 487 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0