Иш издеп жатасызбы? Жумушу жоктор үчүн жаңы сайт ачылды

CC0 / Pixabay / StartupStockPhotosНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат камтылган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарды иш менен камсыздоо боюнча сайтты ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жаңы сайтка http://zanyatost.kg/ дареги аркылуу кирсе болот. Мындан ары жумушсуздар сайт аркылуу министрликтин аймактын бөлүмүнө иш издөөчү катары катталып кое алат.

Балага жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кайсы кирешеси эсептелет? 9 суроого жооп

Ошондой эле порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу маалымат камтылган.

Кесип тандоо алдында тургандар же кесиби жок жарандар багыт алуу үчүн тесттен өтсө болот. Ошондой эле бул сайтка жумуш берүүчүлөр маалымат калтыра алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0