Нарындын 36 мектеби балдарды кадимки режимде окутууга даяр

© Sputnik / Алексей КуденкоЖизнь молокан в селе Лермонтово
Жизнь молокан в селе Лермонтово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус аймагында 142 орто мектеп бар. Ал эми быйыл 5 764 окуучу мектеп босогосун жаңыдан аттамакчы. Мындан тышкары, 91 окуу жайдын интернетке туташтырылганы айтылды.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Нарын облусундагы 142 орто мектептин 36сы балдарды реалдуу режимде окутууга даяр. Бул тууралуу өкмөттүн аталган дубандагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта жаңы 2020-2021-окуу жылына даярдыктар кызуу жүрүүдө.

"Санэпидемборборунун уруксаты болсо 36 мектеп бүгүнкү күндө реалдуу окутууга даяр. Быйыл 1-класска 5 764 окуучу келет деп күтүп жатабыз. Окуулар кандай тартипте башталары азыр такталууда", — деди Ибраева.

Быйыл кайсы класстар мектепте окушу мүмкүн. Министрликтин жообу

Жергиликтүү бийликтин өкүлү аймактагы 142 мектептен 91 мектеп интернетке кошулганын белгиледи. Ал эми 15 мектепке "Кыргызтелеком" аркылуу интернетке кошуу иштери жүрүп жатат. Ибраеванын айтымында, алты мектеп географиялык жайгашуусуна байланыштуу интернет коштурууга техникалык мүмкүнчүлүк жок.

Ибраева азыркы учурда облуста алты мектеп, эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатканын кошумчалады. Андан тышкары, 70 орундуу оорукананын курулушу башталды. Жалпы облус боюнча курулуучу 11 обьектиге 41 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0