Кыргызстандыктарда COVID-19га каршы иммунитет качан пайда болот? Пикир

Жазылуу
Адис эң негизги көйгөй коронавирус менен ооруган киши кайрадан аны жугузуп албайт деген кепилдиктин жоктугунда экенин белгилеген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктарда коронавируска каршы жапырт иммундук системанын пайда болушу тууралуу Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов оюн айтты.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге катышты.

"Айрым кесиптештерибиздин пикиринде, элдин баарында коронавируска каршы иммунитет иштелип чыгышы үчүн калктын 40-50 пайызы оорушу керек. Эң негизги көйгөй  — бир ооруган киши кайрадан вирусту жугузбайт деген кепилдиктин жоктугунда", — деген ал.

Ал эми россиялык пульмонолог Лилия Козырева иммунитет канча убакытка чейин сакталары белгисиз экендигин айткан. Ошондуктан жапырт иммундук система түшүнүгү дагы болжолдуу мүнөзгө ээ.

Россиялык адис Кыргызстандагы COVID менен күрөш тууралуу жакшы кабар айтты

Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын сезонуна даярдык көрүү үчүн азыркы эрежелерди так сактоо керектигин, анын ичинде эмдөөнү колго алуу зарылдыгын белгилешкен. Ошондой эле ооруканалар бейтаптардын агылып келишине даяр турушу керек.

Пандемия башталгандан бери Россия Кыргызстанга ПЦР-тест, реагент, жеке коргонуучу каражат жана медициналык каражат жаатында кол кабыш кылып келе жатат. Ушул эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү медиктерге жардам берүү үчүн Россиядан ондогон адистер келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0