Коронавирус жуктурган дагы алты бейтап каза тапты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жугуштуу оорудан ажал тапкандар бир жарым миңге жакындады. Министрлик жалпы статистикага вирус козгогон пневмонияны да кошуп калганы белгилүү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы алты киши каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында, Баткен, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап ооруну жеңе албай көз жумду", — деди Акматова.

Өлкөдө коронавирус катталган март айынан бери вирустан көз жумгандардын 1 482ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0