Түндө кыргызстандыктар жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖылдыздуу асман. Архив
Жылдыздуу асман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар саатына 110 метеорит учкан агымга күбө болушат. Адистер аны байкоого ыңгайлуу шарт түзүлөрүн болжошууда.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 13-августка караган түнү Персеид метероиттик агымдын жогорку чеги күтүлүп жатканын Москва планетарийи билдирди.

Агым быйыл 23-июлдан 20-августка чейин созулат. Эл аралык метеорология уюмунун болжолуна ылайык, анын жогорку чегинде саатына 110 метеорит учуусу күтүлөт.

Байкоо үчүн шарттар салыштырмалуу жагымдуу болот: ай кичирейип, бир аптадан кийин жаңылануу фазасына кирет. Мындан улам ага байкоо салууга жердин спутниги тоскоолдук кылбайт.

Кыргызгидрометтин болжолу боюнча түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда гана кыска мөөнөттүү жаан болушу мүмкүн.

Футбол талаасындай астероид Жерге урунбай, кайып өтүп кетти

Персеиддер — жыл сайын жердин атмосферасы аркылуу өтүүчү метеориттик агым. Ал Свифта – Таттла куйруктуу жылдызы (комета) тарабынан түзүлгөн. Метеориттик агымдын жогорку чеги көбүнесе август айынын экинчи декадасына туш келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0