Өзгөчө кырдаал кыргызстандыктардын психологиясына кандай таасир этти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ Москве усилили контроль за масочным режимом
В Москве усилили контроль за масочным режимом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус инфекциясына байланыштуу калкка психологиялык жардам көрсөтүү үчүн психологдор тизмеси жарыяланып, алар жарандарга аралыктан туруп кеңеш берген.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда сурамжылоого алынгандардын 73 пайызынын өзгөчө кырдаал учурунда психологиялык абалы өзгөргөн эмес. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда жашоо образынын, психикалык саламаттыгынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат тактоо үчүн 3 миңден ашуун респондент онлайн-сурамжылоого катышкан.

"Изилдөөгө катышкан респонденттердин 73 пайызы психикалык өзгөрүүлөр болбогонун айтышты. 23 пайызы өтө чоң эмес көйгөйлөрдү адистердин жардамы менен жеңгенин билдиришкен. Калктын 3 пайызы психологдун жардамына муктаж болсо, 0,4 пайызында олуттуу көйгөйлөр пайда болуп, атайын психологдун жардамы берилген", — деди Исмаилов.

Эске салсак, коронавирус инфекциясына байланыштуу калкка психологиялык жардам көрсөтүү үчүн психологдор тизмеси жарыяланып, алар жарандарга дистанттык түрдө кеңеш берген.

Коронавирустан корккон кайненем төрөбө деп айламды кетирип жатат. Келиндин каты

Исмаиловдун айтымында, орто эсеп менен жума сайын 300гө жакын адам онлайн кеңеш алып жатат. Кайрылгандардын көбүндө көңүл чөгүү, психикалык чыңалуу, уйкунун бузулушу, коркуу сезимдери байкалууда.

Эске салсак, Кыргызстанга өзгөчө кырдаал 22-мартта киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0