Министрлик: коронавирустан өлкөдө 6 миңден ашуун адам дарыланууда

© AFP / XAVIER GALIANAСитуация в Индии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус менен алышып жаткандардын жарымы Бишкекте жатат. Андан кийинки орундарда Ош менен Чүй облустары турат. Бейтаптардын эң азы Таласта.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ушул тапта коронавирус инфекциясын жугузуп алган 6 397 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 1 504 кишиде вирус лаборатория аркылуу аныкталса, 4 893 бейтапта клиникалык-эпидемиологиялык (пневмония) жол менен аныкталган.

Бишкек менен Баткенде. COVID дагы төрт адамдын өмүрүн алып кетти

"Аймактар боюнча айта турган болсок, Бишкекте - 2 890, Ош шаарында - 522, Чүйдө - 599, Ысык-Көлдө - 512, Ош облусунда - 920, Баткенде - 335, Жалал-Абадда - 446, Таласта - 71 жана Нарында 102 бейтап дарыланып жатат", — деди Акматова.

11-августка карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 40 445ке жетсе, анын 32 764ү айыкты. Тилекке каршы, 1 478 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0