Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 278 адам аныкталды

© REUTERS / TOBIAS SCHWARZСитуация в Берлине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Берлине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын саны кыйла азайып калгандыктан кечээ борбор калаада үч күндүзгү стационар ишин токтотту.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагы боюнча 278 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, вирус жаңыдан аныкталган адамдардын сегизи медицина кызматкерлери.

  • Бишкек - 104;
  • Ош – 19;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу - 34;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Жалал-Абад облусу – 40;
  • Баткен облусу - 27.

Ушуну менен вирус илештирип алгандардын саны 40 455 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0