Кыргызстанда кечээ коронавирустан 535 адам сакайып кетти

© AFP / NELSON ALMEIDAСитуация в Бразилии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Бразилии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн сайын Кыргызстанда коронавирустан жүздөгөн адам сакайып жатат. Дарыгерлер жакшы болгондон кийин дагы бардык санитардык нормаларды сактоого чакырууда.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча 535 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

  • Бишкекте – 45;
  • Чүй облусунда – 40;
  • Ош облусунда – 93;
  • Талас облусунда – 43;
  • Нарын облусунда – 30;
  • Ысык-Көл облусунда – 74;
  • Жалал-Абад облусунда – 87;
  • Баткен облусунда – 61;
  • Ош шаарында – 62.

Жалпылап алганда, Кыргызстанда 32 764 адам коронавирусту жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0