Былтыр кыргызстандыктар начар тамактанышкан

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКиши тамак жасап жаткан убакытта. Архив
Киши тамак жасап жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада адам 2,1 миңден аз килокалория жебеш керек. Тагыраагы, керектөө мындан көп болушу шарт. Бирок өлкөнүн бир бөлүгү нормадан ылдыйлап кетсе, ага жетпей жүргөн аймактар калорияны жакшы колдонушкан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын жарым бөлүгү бир жылда жакшы тамактанса, башкаларында керектеген калория азыраак болгон.

Мекеме кызматкерлери 2018-2019-жылдары калория канча керектелгени боюнча маалымат чогултушкан.

Таблицада өлкөнүн жети облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы былтыркы жана мурдагы жылдагы маалыматтар көрсөтүлгөн.

Бир суткада адам 2 101 килокалория керектеш керек. Бул норма болуп саналат. Орточо эсеп менен алганда, ар бир кыргызстандык калорияны бул сандан көбүрөөк алышат.

Окумуштуулар: салмак кошууга жыт дагы таасирин берет

Бир жыл ичинде керектөө мурдагы калыбында эле калган. Бирок аймактарда айырмачылык бар.

Жалал-Абад, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарындагылар жана Ош шаарынын тургундары былтыр көбүрөөк калория керектешкен. Анткен менен Баткен облусу буга чейин нормага жетчү эмес, ал эми Ошто керектөөнүн саны өскөнү менен мурдагы жылдар менен салыштырган жалпы эсепке жетпейт.

Бишкек, Чүй жана Талас облустарында былтыр начар тамактанышкан.

Бир жылда керектөө саны ылдыйлап кеткени менен Талас облусу биринчи орунда турат. Ал эми Чүйдө чектен бир топ төмөндөп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0