Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги

© Фото / Мээрим ДжунушалиеваГинеколог Алия Турдиева
Гинеколог Алия Турдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гинеколог Алия Турдиеванын көз карашында, кыргызстандык кош бойлуулар COVID-19га кабылгандардан обочолоно алышпайт. Анткени үйдүн түйшүгүн келиндер тартат, бирөө сыркоолоп калса карайт. Дарыгер болочок энелерди мындай кыйчалыш маалда өздөрүн коргоого чакырат!

Алия Турдиева 15 жылдан бери гинеколог болуп иштейт, соңку жылдары тукумсуздукту дарылоого басым жасайт. Адис аялдардын саламаттыгы боюнча көйгөйлөрдөн кеп салып берди.

— Учурда аялдардын форумдарында катуу талаш жүрүүдө. Ушундай кырдаалда бойго бүтүрүүнүн кажети барбы же коронавирустан улам бир нече айдан кийинкиге пландаган оңбу деген суроо кабыргасынан коюлду. Сиздин кеңешиңиз кандай?

— Кантсе да кийинкиге пландоого кеңеш берер элем. Чет элдик адистердин жазгандарын окуп турам, коронавирус түйүлдүккө кандай таасир этери тууралуу дале так изилдөө жок.

Айрыкча 12 аптага чейин илдетти жуктурбаш керек, себеби плацента али калыптана элек, түйүлдүк корголгон эмес. Бул мөөнөттөн кийин вирус чел кабыктан жакшы өтпөйт.

Экинчи үч айлыкта жеңилирээк, ал эми акыркы үч ай кооптуураак. Анткени организм төрөткө камынат, вирус менен да күрөшүүгө туура келет.

© Фото / Мээрим Джунушалиева "Коронавирустун түйүлдүккө кандай таасир этери тууралуу дале так изилдөө жок", - дейт гинеколог Алия Турдиева.
Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
"Коронавирустун түйүлдүккө кандай таасир этери тууралуу дале так изилдөө жок", - дейт гинеколог Алия Турдиева.

— Айрым кош бойлуулар тобокелге барбаш үчүн бойдон алдыруу туурасында да ойлонушуптур.

— Жок, эгер бойго бүтүп калган болсо, арга жок. Эгер олуттуу көйгөй болсо, бойдон өзүнөн өзү түшүп калат. Анан да биринчи эле скринингде өнүгүүнүн олуттуу кемтиктерин аныктоого болот. Негизи коронавирус — бул кадимки эле вирустук инфекция. 10 кош бойлуудан жетөө инфекцияны жуктуруп алар, биз баарынын боюнан алдыра албайбыз да! Мындайга биз аялдын өмүрүнө коркунуч туулганда гана барабыз.

Кептин баары, кош бойлуулар негизинен келиндер болгондугунда. Үйдүн бүт түйшүктөрү – тамак жасамайдан башкасына чейин алардын мойнунда. Ал аз келгенсип, ооруп турган кишини карайт. Ушинтип менин көп бейтаптарым ооруп калышты. Эгер ачыгын айтсам, ушул нерсе такыр жакпайт. Мындай учурда алар өздөрүн сакташы керек, өздөрүнө көбүрөөк убакыт бөлүшү зарыл.

— Сизге дагы кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?

— Төрөткө кирбей калганыма алты жылдай болуп калды. Ушул тапта тукумсуздукту дарылоо жаатында иштеп, жатын түтүгүнүн бүтөлүп калышын дарылоого адистешип жатам. Акыркы убактарда эркектер арасында да тукумсуздук учурлары арбын.

Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири

Эгер мурда биз эркектерди экинчи же ал түгүл үчүнчү кезекте текшерсек, эми аял менен катар эле ден соолугун текшеребиз.

— Эмнеге мырзаларда да андай көйгөйлөр көп боло баштады?

— Өзүңөр деле карагылачы, 40тагы кыргызстандыктар 60 жаштагы чоң аталардай көрүнүшөт. Баары дебейм, бирок көпчүлүгү. Казы байлашат, баарын ылгабай ичип-жешет. Кайда болбосун автоунаа менен жүрүп, дегеле жөө басышпайт.

Ага кошумча, жалпысынан тамактануу да начарлап кетти. Биздеги жана чет өлкөдөгү азыктар даамы менен да, курамы боюнча да айырмаланат. Ал жакта баары эрежеге ылайык, ал эми бизге кандайы келип жатканын бир дагы лаборатория аныктай албайт. Ал тургай андай лабораторияларыбыз да жок!

© Фото / Мээрим ДжунушалиеваГинеколог Алия Турдиева: мектеп окуучуларына жыныстык тарбия сабагы өткөрүлүшү керек.
Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Алия Турдиева: мектеп окуучуларына жыныстык тарбия сабагы өткөрүлүшү керек.

— Келиңиз, жакшыдан сөз чубайлы. Тажрыйбаңызда перзенттен үмүтүн үзүп койгон жубайларды сүйүнткөн учурлар болдубу?

— Кырдаал анчалык жакшы эмес экенин көрүп турсам да керемет болорун дайым айтып келем. Чындап эле керемет бар!

35 жаштагы бейтабым бар эле, бала көрө элек. Жатын түтүктөрү бүтөлүп калган. Бир нече жолу операция жасалган, бирок майнапсыз. Аны жасалма уруктандырууга даярдап жатышкан эле. Анан табигый жол менен эле боюна бүтүп калбаспы! Азыр анын өзү төрөгөн үч перзенти бар. Мындай кереметтер көп болот.

— Эмнеге жатын түтүктөрү бүтөлүп калат?

— Эң кеңири таралган себеби — кичи жамбаш чарасындагы органдардын сезгениши, жугуштуу оорулар. Бизде кандай болот адатта? Кыз турмушка адеби менен чыгат, ал эми жолдошунун толтура оорусу бар. Анын баары аялына жугат.

— Анан байкуш кызга бүт кайын журту "сен төрөй албайсыңбы?" деп сөз ыргыта башташат...

— Бул өтө кыйын, кыздарга абдан күчтүү психологиялык кысым көрсөтүлөт. Алардын оюна койсо, кыз турмушка чыккан күнү эле боюна бүтүп калышы керек. Андай сейрек кездешет, адегенде көнүш керек. Кээде ойго келбегендей нерселерге чейин жетет. Мисалы, бир бейтап кызым бар эле, эки жылдан бери боюна бүтүрө албай жүрөт. Башында кайненеси алып келип, келинин зекий, мага көрсөткөн. Күнөөнүн баарын келининен көрүп, айтканынан кайтпай жаткан. Баласы доктурга көрүнбөптүр. Өзүңүздөр деле боолголоп турсаңыздар керек, көйгөй уулунда экен. Андрологдон бир нече ай дарылангандан кийин бейтабымдын жакшынакай эле боюна бүттү.

Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы

Айтып коюш го башка, бирок чоң эле аялдын өз келинине жаман мамиле кылганы коркунучтуу. Ал кыз да – бирөөнүн баласы!

— Кайненелер болочок келиндерин ээрчитип келип, адеби сакталганы боюнча справка талап кыларын эшиткеним бар.

— Биздин өлкөдө эки культ бар: кыз адеби менен турмушка чыгышы керек, анан уул төрөөгө тийиш. Бизде аялдардын баары эркек гана төрөшү абзел да... Ооба, келишет, текшерип берүүнү өтүнүшөт. Бирок гинекологдор андай тастыктаманы берүүгө акысы жок! Андайда кыздардан текшерүүгө макул болуп-болбогонун, ошол үй-бүлөгө бүлө болгусу келип-келбегенин сурайм.

— Аялдар форумдарында дагы бир тема кызуу талаш жаратат. Бизде кыздар отузга чыкса деле эркек тааныбай, турмушка чыгышат. Мынчалык карманып жүрүү зыянбы?

— Саламаттыкка бул эч кандай таасир этпейт. 50 жашка чыгып деле эркек тааныбаган аялдар бар. Аларда сезгенүү чанда кездешет, көпчүлүгү мастопатия өңдүү бөлөк көйгөйлөргө кабылат.

© Фото / Мээрим ДжунушалиеваГинеколог Алия Турдиева: эгер мурда биз эркектерди экинчи же ал түгүл үчүнчү кезекте текшерсек, эми аял менен катар эле ден соолугун текшеребиз.
Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Алия Турдиева: эгер мурда биз эркектерди экинчи же ал түгүл үчүнчү кезекте текшерсек, эми аял менен катар эле ден соолугун текшеребиз.

— Башка врачтар кыргызстандыктардын өз саламаттыгына шалаакы мамиле жасайт деп калышат. Гинекологдорго бул тиешелүү эместей, аялдар бизде бул жагынан өздөрүн аябай карашат эмеспи.

— Андай деп айтпайт элем. Мамлекеттик ооруканада бир топ жыл иштегендиктен, биздин аялдардын дайым эле текшерилүүгө шарты келе бербейт.

— Билишимче, Европада эрозияны дарылашпайт, ал эми бизде эрозиясы бар аялдардын баарын аны күйгүзүүгө жөнөтүшөт.

— Ооба, Европада чындап эле аны дарылашпайт. Бирок ал жакта аялдар жарым жыл сайын текшерүүдөн өтүп турушат. Ал эми бизде баары тескерисинче.

Бир учурду айтып берейин, "рак" деген диагноз менен бир бейтап келди. Онкологго жөнөттүк. Төрт айдан кийин кайра келип: "Доктор, мен онкологго барган жокмун. Күйөөм кереги жок деп койду. Жок-жок, ал врач эмес, биз элдик ыкма менен дарыландык", – дейт.

Кайра көрүп, анализ тапшырттык. Көрсө, төрт ай ичинде дагы абалы начарлап кетиптир! Эмне дары чөп менен дарылашканын билбейм, эми операциясы абдан оор болот, андан соң аны химиотерапия күтөт. Азыр ал кыз дарыланууда. Мындайда эмне дей аласың?

Толгоом кечеңдеп санаага салды... Пандемия кызып турган маалда көз жаргандар

Кээде таптакыр ойдо жок нерселер болот. Кош бойлуу келиндин бир патологиясы аныкталып, ооруканага жатышы керек болсо, биз аны стационардын астанасына дейре коштоп барабыз. Врачтар менен сүйлөшүп, жаткырабыз. Негизи андай деле кылууга тийиш эмеспиз. Бейтап бурулуп алып, кетип калбасын деп ошентебиз. Андай көрүнүштөр да жок эмес! Кетип калышат, себеби үйдө күйөөсү, балдары калат. Аларга ким тамак жасайт? Анан аларды эс-учунан танган, комадагы абалда алып келишет! Кудай жалгап, акыркы 15 жылда кыздар абдан өзгөрдү, өздөрүн жакшы карай башташты. Бул кубандырбай койбойт.

— Кандай ойдосуз, мектеп окуучуларына жыныстык тарбия сабагы өткөрүлүшү керекпи?

— Сөзсүз! Студент кезимде жыныстык сабатсыздыкты жоюу долбооруна катышкам. Мектептерди кыдырып, элементардык эле нерселерди түшүндүрүп бергенбиз. Ошентсе да биз балдар менен бул нерселер, мисалы, секс туурасында сүйлөшүүбүзгө мыйзам жол бербейт. Антсе да окуучу кыз медикаменттик бойдон алдыруу жөнүндө суроо бергенде айран таң калгам. Анан калса, ошол жылдары десеңиз! Мен өзүм бул ыкма тууралуу ординатурада экинчи курста окуп жүргөндө билдим.

10-класста эле мунун баары бар, бирок биздин аткаминерлер буга көз жумуп, "жок, кайдагыны айтасыңар, биздин кыздар адептүү, уяттуу келишет!" дешет. Ата-энелер да эч нерсе түшүндүрүшпөйт.

Бир убакта андай предметти мектеп программасына киргизүүгө аракет кылып, атайын окуу китеби да иштелип чыккан. Бирок депутаттар аны көргөндө ызы-чуу көтөрүшкөн. Ошол менен бул тема дароо жабылган. Анан эмне кылышсын? Алардын оюнда бул уят нерсе, андай кылганга болбойт да!

© Фото / Мээрим ДжунушалиеваГинеколог Алия Турдиева: ата-энелер кыздарды өздөрүн сыйлап, сүйүүгө үйрөтүүгө тийиш, бул абдан маанилүү.
Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Алия Турдиева: ата-энелер кыздарды өздөрүн сыйлап, сүйүүгө үйрөтүүгө тийиш, бул абдан маанилүү.

— Дагы бир талаш жараткан нерсе — бойдон алдыруу. 30-жылдары Кыргыз ССРинде буга тыюу салынып, бирок кесепети оор болгон экен. Буга кандай карайсыз?

— Мага ушул багытта иштейсизби деп түз кайрылышат. Чынын айтсам, бул мен аткаруудан оолак жалгыз процедура эмес. Бирок төрөш же андан баш тартыш – ар кимдин өз эрки. Алты баласын ээрчитип, "апа, муну алып берчи" деп ыйлагандарынан зааркана дүкөнгө киргиси келбеген аялдар бар.

Кош бойлуулар коронавирустан кантип коргоно алат. Гинекологдун кеңеши

Бойдон алдырууга тыюу салуунун кажети жок, анан калса, өлкөдө демографиялык кризис жок. Экономикалык жактан канчалык начар жашасак да, аялдар баары бир төрөйт. Ошону менен бирге эле беш жылда бешти төрөгөн аялдарды карап, кооптонбой кое албайсың! Ал төрөттөн соң калыбына келүүгө үлгүрбөгөн, көптөгөн микроэлементтердин таңсыктыгы бар, нерви чыңалган, тыңый да элек.

— Коомдо бул өтө деле өөн учурабаган көрүнүш.

— Бизде мындай нерселер ого эле арбын. Ата-энелер кыздарды өздөрүн сыйлап, сүйүүгө үйрөтүүгө тийиш, бул абдан маанилүү.

— Соңку жылдары студент медиктер кандай өзгөрдү?

— "Барган сайын студенттердин билим деңгээли начарлап барат" деп калышкандарын угам. Жок! Мында көп нерсе окутуучуга байланыштуу, ал канчалык кызыктуу сабак өтүп, студенттердин көңүлүн канчалык тарта аларында. Медицина дүйнөдөгү эң мыкты кесип экенин көрсөтүү үчүн кай бир учурда келечектеги врачтарды жылуу сөз менен кубаттап коюу гана жетиштүү!

Жаңылыктар түрмөгү
0