Коронавирус дагы 10 медиктен табылды

© AP Photo / Anupam NathМедициналык кызматкерлер
Медициналык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле учурда ооруканалардан алты медицина кызматкери дарыланып чыккан. Ал эми үй карантининде жаткан 38 медиктин айыкканы кабарланды.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө дагы 10 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Аймактар боюнча алып караганда статистика төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 3;
  • Ош шаары — 1;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Чүй облусу — 1;
  • Ош облусу — 2.

Ошол эле учурда ооруканалардан алты медицина кызматкери дарыланып чыккан. Ал эми үй карантининде жаткан 38 медиктин айыкканы кабарланды.

Өлкөдө коронавирусту дагы 541 адам жеңди

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасынан 2 948 учур катталды. Алардын ичинен 2 141и айыгып, 70тен ашык ак халатчан көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0