Сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Эмне талап кылынбайт?

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКонуп жаткан учак. Архив
Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде чет жактан келгендерден коронавирус же сасык тумоонун белгилери байкалса, жашаган жериндеги медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылышы керек.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чет өлкөдөн келгендер үчүн алгоритм өзгөргөнүн Республикалык штабдан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, эми сырттан келгендерден өлкөгө киргенде коронавируска ПЦР-тест алынбайт. Ошондой эле алар мурдагыдай обсервацияга да жаткырылбайт. Эгерде коронавирус же сасык тумоонун белгилери байкалса, жашаган жериндеги медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылышы керектиги айтылды.

Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты

Штаб мунун себебин вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандардан аз эле катталып жаткандыгы менен байланыштырды.

Эске салсак, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал башталгандан бери сырттан келгендер аэропортко конору менен обсервацияга алынып, коронавируска тест тапшырышчу. Жыйынтыгы таза болгондон кийин гана үйлөрүнө жиберилчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0